www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө Subaru Forester, Аudi A6 жана Mazda-626 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, анын кесепетинен эки адам каза таап, сегиз киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жол кырсыгы Корумду айылында саат 00:47лер чамасында болгон.

Каргашанын айынан 31 жаштагы эркек киши менен 20 жаштагы кыз ооруканадан көз жумган. Жабыркаган сегиз кишинин бешөө 39, 32, 28, 26 жана 24 жаштагы аял, үчөө 30, 29 жана 24 жаштагы эркек кишилер. Алар Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген.

Окуя болгон жерге үч куткаруучу тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости