www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж – 2024: Олимпиададан четтетилген спорттун 3 түрү

2024-жылы Париж шаарында өтө турган Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары мелдештердин программасынан алынып салган спорттун түрлөрүн жарыялады.

2024-жылдагы Олимпиада оюндарынын расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, Парижге карате, бейсбол жана софтбол менен алектенген спортчулар барбайт. Бирок спорттун жаңы түрү катары брейк-данс киргизилет.

Париждеги Олимпиада оюндары 2024-жылы 26-июлда башталып, 11-августка чейин созулат. Жалпысынан спорттун 28 түрү боюнча медалдар ойнотулат.

Эске салсак, Токио – 2020 Олимпиадасы 23-июлда башталып, 8-августта аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости