www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында коронавируска каршы вакцина алгандарга бут кийим дүкөнүнөн арзандатуу каралат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мындай жараян жарандарга эмдөөдөн өтүүгө дем берүү үчүн жасалып жатканы айтылды.

Калаа мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев вакцинациялоо маселеси боюнча кеңешме өткөргөн.

"Учурда шаардыктарды шыктандыруу механизми иштелип жатат. Вице-мэр Виктория Мозгачева Биринчи май райондук акмиаттын демилгесин белгиледи. Анда бут кийим саткан ири дүкөн менен биргеликте акция жүргүзүп, эмделгендерге арзан баа менен берилет", — деп айтылат маалыматта.

Мозгачеванын отчетунан кийин калаа башчысы акимдерге вакцинациялоо иштерин күчөтүү жана маалыматтык кампанияны активдештирүүгө тапшырма берди. Анын аткарылышын вице-мэр көзөмөлдөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости