www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбековдун камалышы трагедиябы же трагикомедиябы?

Учурунда 29 жашар министр ата-энесинин көзү тирүү турса да Акаевди «ата», Майрам Акаеваны «апче» деп эркелеп жүрүп 400 мамлекеттик обьекти жакшы тааныштарына өз баасына эмес ит бекерге менчиктештирип, өзү да кур калган эмес. Ушундай булганыч жол менен башты айланткан байлыктарга тез эле жетишкен Жээнбеков Кыргызстандагы эң бай адамдардын бирине айланган. Бул тууралуу азыр нарда отурган экс-президент Алмазбек Атамбаев минтип айткан: «Жээнбеков –ууру. Мейли ал мени сотко берсин. Мен жооп берем. Аны жоопкерчиликке тартуу үчүн мөөнөтү өтүп кеткен» -деген. Жээнбеков камакка алынып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Сот Жээнбенков үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган. Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында Кой-Ташта камалган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Андан соң президенттик шайлоодо талапкер болгон. Атамбаев президент кезинде жаман сөздөрдү айтты  деп өзүнүн кудасы Атамбаевге каршы иштерди жүргүзүп келген. Сооронбай Жээнбеков келгени кудасы Атамбаевге өтө качкан. «Өткөндү пистолет менен атсаң, келечек замбирек менен атат» деген кеп бар. Атамбаевдин кудасы Алымбай Султановдун күйөө баласы Жээнбеков батышчылдарды колдоп көп эле ирет митинг өткөрүп жүрөт. Ага эл деле көнүп бараткандай. Убагында «кол ийрисине тартып» кайын атасы Султановдун канкудасы Атамбаев Конституцияны бузуп Кыргыз Республикасын бөлүп, Кой-Таш Элдик Республикасын түзгөндө Равшан Жээнбеков колдогон. Кыргыз Республикасын бөлүү Конституция боюнча да, абийир боюнча да туура эмес, Кылмыш-Жаза кодекси боюнча кылмыштуу иш. Мамлекетти бөлүнүшүнөн сактанып ал кездеги ИИМ министри Кашкар Жунушалиев, УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаевдин жетекчилиги менен штурмдар болгон. Мейли ДНР, ЛНР бир облустун аймагын ээлеп жатат, ал эми бир айылдын бурчун ээлеп жаткан Кой-Таш Элдик Республикасы тарабынан атылган Калашников автоматынан ок «Альфа» офицери Үсөнбек Ниязбековду аркы дүйнөгө алып кеткен. Сот отурумунда Жээнбеков Равшан канкудасы Атамбаевди колдоп, каза болгон спецназ Үсөн Ниязбековдун апасына Равшан Жээнбеков “Сенин уулуң киши өлтүргүч болчу” деп кыйкырган. Равшан Жээнбековдун айткан сөзү Өктөм Мамаевага эле эмес, бардык адамдарга катуу тийди. Мындай пикирди “Мээр жазы” коомдук уюмунун төрайымы Ыргалай Бекмуратова айткан, анын пикири мындай: “Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга катышкам. Маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаеваны колдоп баргам. Себеби, Мамаева дайыма жалгыз болуп калат, ал эне. “Мээр жазы” коомдук уюму энелерди, жалпы аялзатын колдоп келет. Мен ошондуктан барып, өзүмдүн пикиримди айтайын дегем. Бирок ошол соттун жүрүшүндө сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал жерге келген Кой-Таш окуясына тиешелүү адамдар, Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары сүйлөтпөй койду. Сот аяктап калганда, Мамаевага ар кандай туура эмес сөздөрдү айтып, баласын күнөөлүү катары эсептеп, Алмазбек Атамбаевди жактап турушту. Аягында Равшан Жээнбеков Мамаевага катуу сөздү айтты. Бул энеси Өктөм Мамаевага эле эмес, мага жана ошол жердеги бардык адамдарга катуу тийди. Баарыбызга белгилүү болгондой Равшан Жээнбековдун пикири азыр жалпы коомчулукту дагы нааразы кылууда. Буга сөзсүз укуктук баа берип, азыртадан мындай көрүнүштөргө чекит коюшсун”, - деген Бекмуратова.

Кой- Таш окуясында каза болгон спецназ Үсөн Ниязбековдун апасына асылган Равшан Жээнбеков “Сенин уулуң киши өлтүргүч болчу”, деп кыйкырган тасманы көптөгөн маалыматтык булактар жарыя кылды. «Энеси боздогон Өктөм айымды Равшан Жээнбеков, «сенин балаң киши өлтүргүч, унчукпай койсо эмне кыйкырасың?», деп Атамбаевдин тарапташтары эжени сабап салайын деди. Эненин көз жашы эч кимди соо койгон эмес. Ошол эле Равшан Жээнбековду дагы соо койбойт», - деген Ыргалай Бекмуратова.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун мындай сөзүнө маркум Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева төмөнкүчө жооп берди: “Мен сот отурумунда да чындыкты айттым. Алар бийликти басып алууга даярданган. Ошондо коопсуздук комитети барган. Менин балам ал жерге жеке кызыкчылыгы үчүн барышты беле? Уюштуруучулар “Кой-Таш республикасы” деп жарыялашты. Атамбаев ок атпай койсо болот беле? Сырттан душман келсе да түшүнөт элем кесиби ушул да деп. Ички душман мамлекеттик чыккынчы, мамлекеттин ичинде мамлекет болуп жатса, аны сабатсыз саясатчылар жандап жүргөнү үчүн 2 ай дүркүрөп турушту го. "Президенттикке талапкер болуп 0,5 % добуш алдың, жок дегенде 1%га жетсең укмуш болмок экенсиң", дедим. Мыйзамсыз мен ага эч нерсе деген эмесмин. Террористик маанайдагы акт элге коркунуч келтирген топтор, көрүнбөгөн ички душмандар үчүн коопсуздук комитети күрөшөт да дегенмин. Атамбаевдин тарапташтары Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетсе эле түрмөдөн бошонушат деген ойдо жүрүштү. Жээнбековдун эки жүздүү саясатчы экени баарыбызга белгилүү. Ушундай адамдардын айынан, 6 баласы артында калып, каза болгон уулума ичим ачышат, жүрөгүм сыздайт. Буларчы, эмне кылды? Буканы ар кимге союп берип, буканын этине тоюп кутурушту.

Бандиттерди топтоп, алар мас турганын көрүп турдум. Интернеттен прокурорлордун жазгандарын алардын сөздөрүн окудум. Эми Атамбаевди атайлап эле “ооруду” деп, сотко келтиришпей жатат. Эмнеге кечиктирип жатышат түшүнүксүз. Булар дагы бир кооптуу нерсени күтүп жатышат. Бул саткындарга менин башыма түшкөн иш, өздөрүнүн башына келгенде түшүнүшөт. Мен уулумдан айрылып олтурам, абалымды түшүнбөсө Кудайга койдум, башка айлам жок”, - деген Өктөм Мамаева.

 

Жээнбековдун байлыгын санабай койо туралы, анын карындашы судья Жээнбекова Мирага тиешелүү 74 элиталык үй, 19 соода, коммерция жасай турган зор жайы, 10дон ашык машина коючу жай, көптөгөн «Золотой квадраттагыдай» кымбат  баалуу жер участоктору бар.  Ал эми Жээнбеков болсо Кошмо штаттарынын Аризон штаттында хансарай сатып алып, ширеңке сатып алгандай күпүлдөгөн , анын олку-солку саясаты Батыш менен чырмалышкан. Ошондуктан ал дайыма ностальгияга батып, аны ушул байлыкка жеткизген апчеси Майрам Акаева менен Батышты дайыма эсине түшүрүп, буларга көп кайрылат. Айрыкча Батыштын буюртмасы менен «Манас-Ганси» авиабазасы тууралуу көп эскерет. Негизи Равшан Жээнбековдун колунан кантип келсин, Батыштын шамалы менен Кыргызстанда дайыма чыр болуп, бийлик алмашып турушун каалайт. Керек болсо ал кудасы Алмазбек Атамбаевди да аяган жок. «Чу» дегенде эле Жээнбековдун жүрөгүн ээлеп алган жарымысы, чүрөктөрдүн чүрөгү, көлөкө жерде өсүп чоңойгон жубайы Салкынай Алимбаева кадимки экс-депутат Үзөңгү-Куушту сатып байлыкка туйтунган Алымбай Султановдун кызы.

Алымбай Султанов казино, карта ойногон кумарчы болгону менен, «чоңдор» менен кудалашканды жакшы көрөт. Ал Семетей деген уулуна Атамбаевдин Динара деген кызын алып берип, Атамбаевке күйөө бала кылган. Атамбаевдин убагында май-талкан, баңгизатты көзөмөлдөгөн орган казиночу генерал Султановдун колунда болгон. Кыргыздын «наркобарону» десек жаңылышпайбыз.

Жээнбековду эң алгач президент Аскар Акаев Ак үйгө алып келди. Аны президенттин жардамчысы катары дайындады. Ал мезгилде Аскар Акаев тышкы иштер менен алек болуп, ал эми жардамчылары Кыргызстандын ичин өзү билип калган. Равшан Жээнбеков жаштык жалынына салып Акаевдин көңүлүнө тез эле жакты.  Аны чагылгандай тездик менен көтөрүп Президенттик аппараттын Иш башкармачылыгынын төрагысынын биринчи орун басары кызматына дайындаган. Жаш жигит иштеп жатат, өсүп жатат бул биринчиден, экинчиден Акаевге жакканы жубайы Майрам Акаеванын иниси. 2001-жылы Мамлекеттик Мүлк комитетинин төрагалыгына дайындайт. Бир заматта Жээнбеков мам лекеттик 400 обьекти арзан баада сатып, өзү да байлыкка туйтунуп чыга келди. Акаевдин мээси голографияны билип дүйнөлүк окумуштуу болгону менен Жээнбековдун келечегин көрө алган жок. Анткени, Акаевдин башына кара туман айланар менен өзү көтөрүп келген Равшан Жээнбеков эң биринчи каршы адамына айланган. 2005-жылы аны маммүлктү башкартып байлыкка бөлөгөн Акаевди сатып, таластан туу көтөрүп чыгып бийлик үчүн, байлык үчүн Акаевдин кетишине чоң салым кошту.

Курманбек Бакиев аны тим койгон жок Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Толук укуктуу Элчилигине койду. Жээнбеков  АКШдагы Түндүк Америка Евразиялык Университетинин департаментинин директору болду. Равшан Жээнбеков андан кийин алыскы мамлекетке элчи койгон Бакиевди сатты, оппозицияга өтүп ага ор казып, 2010-жылы бийликтин алмашуусу үчүн күрөштү. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен биригип парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартышса да, догурунуп жатып депутат болуп келди. Убакыт өтпөй Текебаевдин «Ата-Мекенине» каршы чыгып, аны да сатты.

Равшан Жээнбековду АКШ Конгресси колдогондуктан ал ЛГБТ дегенде уктап жаткан уйкусунан ойгонот. Бул тууралуу өзүнчө маалымат болсун. Жээнбековдун кандай иш жүргүзүп жатканы боюнча Орусиянын ФСБсы маалыматын берген. Ал айланып келип АКШны карай берип, алар уюштурган митингдин башында жүрөт, өзүн батышчыл эсептеген Жээнбеков кыргыз элин каада-салтынан батыштын кыргыз элине туура эмес салттарынын башында турат. Аны кайрадан жарыкчылык караңгылык сыз жерден алып келер менен АКШнын долларбайына жамынып учурда Садыр Жапаровко каршы чыгып жатат. Талдап көргөн адамга «Жакшылыкка жамандык» кылып жаткан кербези.

Жээнбеков Акаевке жардамчы болуп, апчеси Майрам Акаева Мүлк фондун башкартып койгондо, саясат жагынан Бабанов «чүкө» ойноп жүргөн бала болчу. Балким, ал деле жээни Айдар Акаев менен бизнестин битин сыгып, тиешелүү адамдарга рейдерлик кылып жүргөндүр? Илимдин доктору Аскар Акаев «Экономика физиктин көзү менен» деген фундаменталдуу эмгек жазган. Чындыгында, «физиктин көз карашы» боюнча Кыргызстанды Аскар Акаевдин жердештери кеминдиктер тейлеп, «коммунизмден» «кеминизмди» көздөй баратканбыз. «Физиктин көз карашы» боюнча экинчи чоң топ жубайы Майрам Акаеванын классташтары, ага-инилеринен түзүлгөн таластыктар тобу элди мүлжүгөн. Ошолордун эң ыкчамы Равшан Жээнбеков болсо, тойбосу Өмүрбек Бабанов болгон. Жээнбековдун камалышы трагедия эмес, мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости