www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калың төлөп алган аялым үч күндөн кийин качып кетти

“Качкын колукту” деген тасманы көрдүңүз беле? Бул окуя ошол тасманы эске салат. Андагы колуктудан биздин каарман алдап акча өндүрүүнү максат кылганы менен айырмаланат.

Эки бакыр, бир тукур – Мен дагы өз мезгилинде кыз жандап, сүйүү отуна чалдыккам. Бирок түшүнүшүп, сүйүп алган жарым экөөбүз 3 гана жыл бирге жашадык. Ошентип, экөөбүздүн эки жолго түшкөнүбүзгө 3 жыл болду. Жашоо өз ордунда токтоп турбайт экен. Колумда карыган энем бар. Ошондуктан кайра үйлөнүүнү чечкен элем. Гүлзада экөөбүз Токмок шаарынан тааныштык. Ал өзү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунан болот. Айтымында, айылдаш жигитке турмушка чыгып, ажырашып кетиптир. Себебин күйөөсүнүн ичкиликке жакын болуп, колу тийип, катуу сабагандан боюнан баласы түшүп калганы менен түшүндүрдү. Анан бардыгынан үмүтүн үзүп, кетип калганын айткан. Ушуларды айтып жаткан кезде “Гүлзада калп айтып жатат” деген ой башыма таптакыр келген эмес. Боорум ооруп, “экөөбүздүн тең экинчи никебиз экен, балким, бактылуу жашап кетербиз…” деген ой менен үйлөнүүнү сунуштадым. Ал менин сунушумду четке какпастан, макулдугун берди. Ишине тыкан, токтоо, сүйлөгөн сөзү орундуу сезилгендиктен, апама жакшы келин, мага күйүмдүү жар болот деп ойлодум. Макулдугун алган күндөн баштап даярданып, колуктунун бардык жол-жобосун жасоону максат кылдым. Таанышкандан үч ай өткөндө экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз болду. Өзүм фермерлик менен алектенем. Гүлзада туулган айылына барып, үйүнөн салт боюнча алып кетүүмдү өтүндү. Үйүнө жакшыраак кийинип барсын деп бир жылкы сатып, Гүлзадага кийим алып бердим. Төркүндөрүнө деле жүзү ачык болсун деген ойдо ачуу басар, калыңды даярдап алып айылына жөнөдүк. Ал жактан чакан той кылып, Гүлзаданы Чоң-Кеминге алып келдим.

Качкын колукту – Үйлөнгөнүбүзгө үч күн болгондо Гүлзада капысынан качып кетти. Ага чейин бардыгы жакшы болчу. Ошол күнү апам Гүлзада экөөбүздү чакырып: “Жыйнаган дүйнө-мүлктүн баарына өзүң ээ болосуң. Уулум экөөң бактылуу жашасаңар эле болду. Эми, Алымкул, акчаны келиниме өткөрүп берем”,- деп тамашага салып, болгон акчаны Гүлзадага берген эле. Сыртта оокат кылып жүрсөм, Гүлзада чыгып, “телефонума бирдик салып алайын, үйдөгүлөр менен сүйлөшөт элем” деди. Эч нерседен шектенбей, телефонуна бирдик салып бердим. Бирөө менен туюк сүйлөшкөн соң мага кайрылып: “Алымкул, чоң энем катуу ооруп, үйдөгүлөр Токмоктогу ооруканага алып келишиптир. Анан Бишкекке алып кетишет экен. Мен барбасам болбойт”,- деди. Жаңы келин болуп келген немени жалгыз жөнөтпөйүн деп мен дагы чогуу чыктым. Анда ал: “Сен таежемдердин үйүнө барып мал-жанына жардам берип турчу. Ушинтип телефон чалып суранышты. Мен өзүм эле көрүп келейин. Катуу болсо, сага кабар айтам”,- деп калды. Анда деле эч нерседен шек албай, таежесинин үйүнө келдим. Аларга чоң энесинин катуу оруп калганын айтсам, чалкасынан кетишти. “Чоң апам жакшы эле турат. Андай болсо, бизге биринчи кабар келет эле да”,— деп ызылдап калышты. Көрсө, Гүлзада мага калп айтып, качып чыгыптыр. Башыма таш түшкөндөй эле болду. Эмне кыларымды билбей, дендароо болуп калдым. Үч күн Гүлзаданын өлүүсү же тирүүсү билинген жок. Үчүнчү күн дегенде гана телефон чалып, “мени издебегиле, мен тирүүмүн” деген сөздү айтты. Ары жактан бир эркектин “ошентип айт” деп корулдап жатканын кулагым чалды. Менин жообумду күтпөй эле телефонун өчүрүп салды.

Курбусунан шектенем – Ошондон кийин гана Гүлзаданын кылык-жоруктарын эстеп, өз алдымча талдай баштадым. Биз аны айылынан алып келе жатканда курбу кызы катары Гүлназ аттуу кыз келген эле. Экөө ары басса да, бери басса да колтукташып, сөздөрү бүтпөй жаткан. Мен жанына барып калсам, унчукпай калып жатканына да ошол учурда маани бербеген экем. Эми баарын анализдеп, курбусу экөө мендей эчен адамды сызга отургузуп кетишкен окшойт деп ойлоп калдым. Анткени ал кетеринде Гүлзадага көзүн кысып, бир нерселерди айтып жатканын сезип, ичимден жаман көрүп калгам. Ошентип, үч күндүн ичинде жашоомду ала салдырып кеткен Гүлзаданын кабарын биле албай жүрдүм. Бир күнү мага таежеси телефон чалып, “үйдө уктап жатат, билгизбей келип кал” деди. Мен да туугандарымды коштоп барып калдым. Гүлзаданы көрүп, өзүмдү араң токтоттум. “Мага эмнеге тийдиң? Мен сени мажбурладым беле? Үч күндүк эле жашообуз болот десең, сенден башка адамды деле табат элем го. Бул эмне кылганың?”— дедим. Бирок менин күйүп-бышканымды ал чымын чакканчалык да көргөн жок. Унчукпай, мелтейип отуруп берди.

Сабак болсун  Ушундай болду. Адамдын тагдырын оюнчук кылып, тамаша салган качкын колуктумдун өнөрүн айтпай деле койсом болмок. Бирок ал мени менен эле токтоп калбай, дагы бирөөнүн убалына калбасын дедим. Гүлзада жакшы үй-бүлөдө чоңойгон экен. Атасы каза болуп калыптыр. Апасы токтоо, акылдуу жакшы адам экен. Ал дагы кызынын жоругуна түшүнө албай, башын мыкчып отурган кези. Менин оюмча, Гүлзада курбусу экөө тең алдамчылык менен күн өткөрүп, улам бир жигитти алдап, алардын акчасы менен жашашат окшойт. Баарынан “келиндүү болдум” деп сүйүнүп отурган карыган апама жаман болду. Гүлзада, эгер бул макаланы окуп калсаң, апамдын сага кылган мамилесин эстеп, жок дегенде бетиң кызарат болуш керек деп ойлойм. Мени эле эмес, апамды да алдап, анын ишеничин сындырып кеткениңди сезерсиң. Мен Гүлзадага кеткен чыгымды эсептебейм деле. Ал акча менен байып же мансапка жетет элем деген деле ой жок. Болгону, мындай ыплас иш менен алек болгондор кимдир бирөөнүн ишенимин, балким, сезимин сындырып кетип жатканын түшүнүшсө деп айткым келет.

Булак: www.aiym.ru

Последние новости