www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда коронавируска кабылган 85 жаштагы аял айыгып чыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, оору симптому жок өткөн. Бейтап жөтөлүп же дене табы көтөрүлгөн эмес. Болгону өзүнө жана жакындарына коркунуч жаратканы үчүн стресс болуп, бир аз алсырап кыйналган.

"85 жаштагы кемпир март айынын орто ченинде Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгендердин катарында болгон. Ал 13-мартта Бишкекке келери менен учактын башка жүргүнчүлөрү сыяктуу эле ПЦР-анализ тапшырган. Андан коронавирус аныкталгандан кийин райондук ооруканага жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле кемпирди умрага коштоп барган келининин анализи таза чыкканы белгиленет. Бирок, ага карабастан үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары райондун Ак-Коргон айылындагы лицейде уюштурулган обсервацияга жаткырылган.

В Ала-Букинском районе Джалал-Абадской области выписали из больницы 85-летнюю пациентку, у которой ранее подтвердился коронавирус

Учурда баарынын абалы жакшы, эч кимисинен COVID-19 аныкталган эмес.

Азыркыга чейин карантиндик эрежелерди сактап жатышат.

Белгилей кетсек, Ала-Бука району боюнча 14 адамдан вирус табылган, бүгүнкү күндө анын тогузу сакайып чыкты. Калгандарынын дагы абалы туруктуу, алар оорунун жеңил түрү менен жабыркаганы маалымдалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости