www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарынын бийликтери жол коопсуздугу үчүн муниципалдык бийликтер тарабынан жол боюнда коюлган тосмолорду унаа өтүүчү жол жакка өзүмбилемдикке салып жылдырып, муниципалдык жерди ээлепалган жеке ишкерге эскертүү беришти. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Өткөн жылдары шаар бийликтери унаалар тыгынын жоюу жана жөө атуулдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында борбордук көчөлөрдүн боюна темир тосмолорду орноткон. Бирок, көчө боюнда өзүнүн бизнес-объектиси бар жеке ишкер Ленин көчөсүндөгү тосмолорду өз алдынча унаа жолуна карай бир метрге жылдырып салган. Натыйжада шаардын башкы көчөсүндөгү жол кыймылына ыңгайсыздык жаралган. Шаар бийликтери мындай өзүмбилемдик фактысына каршы чараларды баштап, жеке ишкерге мыйзамсыз аракеттери тууралуу эскертти.
Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Урмат Маматовдун айтымында, өзүмбилемдик менен иш алып барган жеке ишкерге мыйзамдуу чара көрүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, жеке ишкер ээлеп алган муниципалдык жерди бошотуп алуу аракеттин баштадык. Мыйзам бузгандарга азырынча оозеки эскертүүлөр берилди, андан ары мыйзамдуу катуу чаралар көрүлөт. Биз берген убакыттын ичинде тосмолорду кайра калыбына келтирбесе, анда шаардык мэрия сотко кайрылат,-дейт ал.
Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы борбордук көчөлөргө тосмолор жол коопсуздугун сактоо максатында 2015-жылы курулуп, жалпысынан 2 миллион 24 миң 500 сом акча каражат сарпталган.
Булак: NazarNews.kg