www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Облуста жер-жерлерде даярдалган жугуштуу оорулар бөлүмү жана күндүзгү стацонарларды ачуудан мурда, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери абалдан чыгуу боюнча кылдат текшерүү жүргүзүү керек. Бул тууралуу облус жетекчиси Нурболот Мирзахмедов оору көп катталып жаткан Ноокен жана Базар-Коргон райондоруна болгон иш сапарынын алкагында билдирди.
Өкүл аталган жайларда кошумча медицина кызматкерлери жетишсиз экендигин айтты. Мындан улам аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө орундар калбай калган учурда, бейтаптарды областтык клиникалык ооруканасына жөнөтүү тапшырмасын берди. Бул аракеттер мүмкүнчүлүккө жараша саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин күчүн жана материалдык чыгымдарды үнөмдөө деди.
Белгилей кетсек, акыркы суткада COVID-19 жана пневмония оорусу 40 бейтаптан аныкталды. Район-шаарлардагы ооруканаларда 367 адам дарыланып жатат. Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак жана Жалал-Абад шаарларында бирден күндүзгү стационарлар иштөөдө.
рог
Булак: NazarNews.kg