www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-июль күнү УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн Жалал-Абад шаарында көп кабаттуу турак-жай курулушу башталды.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев үйдүн пайдубалына капсула салды.

Турак-жай комплекси 205 батирлүү, балдар бакчасы, унаа токтоочу жайы жана чакан сейил багын камтыйт. Курулуш өлкөнүн казынасынан эмес, толугу менен шериктеш тараптардын каржылоосу менен жүргүзүлүп жатканын УКМК төрагасы билдирди.

Бул көп кабаттуу үйдөн жергиликтүү калк арасындагы үйгө муктаж жарандар үчүн да 10 батир бөлүнүп берилээри айтылды.

Буга чейин УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын кызматкерлери үчүн турак-жай курулган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости