www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сүрөт - Жалал-Абад ОИИБи 9 айдын жыйынтыгын чыгарды

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, учурда Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен биргеликте кылмыштардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, болтурбоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча күнүмдүк тартипте тиешелүү жумуштарды аткарып жатышат.

Өткөн сутка ичинде облус боюнча 2020-жылдын 23-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 22 кылмыш окуялар жана жоруктар каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле, облустук милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

22-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги башкармалыктын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусу менен 2020-жылдын 9 ай ичинде аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү боюнча жыйынтыгы чыгарылды.

Кеӊешмеде айрым бөлүмдөр тарабынан кетирилген кемчиликтери көрсөтүлүп, тартиптик жазалар берилип, жетишпестиктерди жоюу талабы коюлду. Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги тарабынан коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын бетин ыкчамдык менен ачуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин мындан ары да жогорулатуу зарылдыгы белгиленди. Андан соң элдин милицияга болгон ишеничин арттыруудагы багыттар каралды.

Ошондой эле кызматкерлердин ички тартибине көңүл буруу, өздүк курам арасында коронавирус илдетинин алдын алуу жана ар бир кызматкер жеке гигиенаны сактоо керектиги белгиленди. Кызматкерлерди күнүмдүк керектелүүчү медициналык каражаттар (кол кап, бет кап, антисептик) менен камсыздоо жагы ОИИБдин каржы-чарба бөлүмүнө, кызматкерлердин жумуш баштоо алдында дене табын текшерүү жагы медицина кызматына милдеттендирилди. 2020-жылдын 9 ай ичинде Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын КЖБРне 6593 кылмыштар менен жоруктар катталган болсо, анын ичинен 3681 кылмыш, 2912 жорук. Тергөө кызматынын сатистикалык отчетунун негизинде 71,3% кылмыштын бети ачылган. Негизинен Жалал-Абад ОИИБдин 9 ай ичинде аткарган ыкчам- кызматтык ишмердүүлүгү канааттандыраарлык деп табылды. Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости