www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн да Жалал-Абад шаарындагы Спутник, Достук, Чыңгыз Айтматов аймактык башкармалыгынын аз камсыз болгон, азык-түлүк жагынан кыйналган жашоочуларына жеке шаардык мэрия жана жеке демөөрчүлөр тарабынан ун жана азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да иш алып барып, чыныгы муктаж болгон жарандарга жеткиликтүүлүгүн көзөмөлгө алышты. Анда жалпы 500 үй-бүлөгө жардам берилди.

“Учурдагы кырдаалда кайдыгер карабай, жардам колун сунгандарга Жалал-Абад шаарынын мэриясы ыраазычылык билдирет”,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин да калаадагы аз камсыз болгон, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз бой жарандарга өкмөт жергиликтүү бийлик жана жеке жарандар тарабынан азык-түлүк жактан көмөк көрсөтүлүп келүүдө. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости