www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборундагы микробиологиялык ыкчам мобилдик лабораториянын техникалык жабдыктары облустук Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна которулду. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аба ырайынын температурасынын төмөндөгөнүнө байланыштуу мындан ары коронавирус илдетине чалдыккандардын лабораториялык иштери аталган жайда аныкталат. Ал эми жарандардын анализдерин кабыл алуу облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда улантылат. Атайын техника ушул жылдын март айынан тарта иштеп келе жаткан.

Бүгүн Кургак учукка каршы күрөшүү борборундагы жумуштар менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков барып жеринен таанышты. Ал медицина кызматкерлеринин иш алып баруудагы жаралган маселелерин угуп, тийиштүү иш жүрөрүн билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости