www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары кайсыл аймактан добуш алып, шайланышкан болсо, ошол жерге барып, эл алдында аткарган иштери тууралуу отчёт беришет. Бул багытта иш-чаралар башталганын Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Айбек Жолдошев билдирди.

-Мен шаардык кеңештин төрагасы катары өз ишимди эл менен да тыгыз иштешип, элдин көйгөйүн жеринде угуп, чечиле тургандарын ошол жерде чечкени аракет кылуу менен баштагым келди. Андан сырткары, шайланган депутаттарыбыз ушул күнгө чейин шайлоочулардын суроо-талаптары, мүдөөлөрү боюнча эмне иштерди аткарганын эл алдында айтышса, өз ара байланыш жана ишеним күчөйт.Коомчулук өзү шайлаган өкүлүнүн аткарган иштерин талкуулап, ага канааттанабы же жокпу,жалпы баасын бериши керек. Биз адегенде ТукубайТайгараев аймактык башкаруусунун тургундары менен жолугуп, аталган жайдан шайланган депутат Талант Баевдин аткарган иштери менен эл алдында чогуу тааныштык. Аймактын тургундары депутаттын аткарган иштерине, жасаган аракеттерине жогорку баасын беришти жана мындан аркы иштерине ийгилик каалап өтүштү,-дейт ал.

А. Жолдошев буга чейин Т. Тайгараеваймагынын тургундары таза суу маселесинде кыйналып келишкенин айтат. Бул маселени чечүү үчүн депутаттар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эми аталган аймактын тургундары шаарда жүрүп жаткан таза суу долбооруна кошулмай болушкан.

-Тайгараев аймагынын тургундарынын негизги көйгөйү таштандыларды ташып чыгаруу жана таза суу менен талаптагыдай камсыз кылуу болуп келген. Таза суу маселеси чечилди деген ойдобуз, анткени буга чейин жүрүп жаткан таза суу долбооруна ишенип-ишенишпей, ал долбоорго кошулуу боюнча кайчы пикирлер болуп жаткан экен. Жолугушууда элге кенен түшүндүрдүк жана колго салдык эле тургундар суу долбооруна кошулууга макул болушту. Ал эми таштанды чыгаруу жагы да көйгөй болуп, төлөмдөрдү төлөбөй келишкен болсо, жашоочулар таштандыларды чыгаруу үчүн ар бир үйгө 100 сомдон тариф коюп берүүнү суранышты. Бул маселени сессияда карап, элдин пайдасына чечип берүүгө аракет кылабыз, - дейт А. Жолдошев.

Эми депутаттар муну менен гана чектелбестен, эл менен иштешүүнү күчөтүүнү колго алышмакчы. Мындан ары шаардын ар бир депутаты төраганын катышуусу менен ушул күнгө чейин аткарган иштеринэл алдында айтышат жана алардын ишине эл өзү баа берет.

Азыр жүрүп жаткан эл менен жолугушууларга депутаттар гана эмес, шаар мэриясынын жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери да кошо катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости