www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми Жалал-Абад шаарында жазгы нөшөрлүү жамгырдан улам сел каптоо коркунучу болбойт. Анткени, шаарды сел-суу каптоолордон сактап туруучу Сел-Арык, Хан-Арык, Чөкө-Арык каналдары тазаланып, суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментинин инженери Рашид Назаралиев билдирди.

Алынган маалыматка караганда, шаар казынасынан сел коркунучунун алдын алуу иш-чараларына 750 миң сом каралган болчу.

-Биз шаардагы селден сактоочу каналдарды тазалоо боюнча тендер жарыялаганбыз. Натыйжада, 490 миң 167 сомдук долбоору менен тендерге катышкан “Араван Кел-Кур” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алды. Азыркы кезде каналдарды ылайлардан тазалоо иштери жүрүп жатат. Иш алып барып жаткан ишкана баары болуп 3845 кубометр ылайды каналдардан алып чыгышы ылаазым, - дейт Р. Назаралиев.

Эске сала кетсек, мурдагы жылдары жазгы катуу нөшөрлөп жааган жаандан улам каналдарга суу батпай, шаарды сел каптаган учурлар болгон. Шаарга жана шаардыктарга келтирилген зыяндын көлөмү бир нече миллион сомго жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости