www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Жамийла повестинин жаңы экранизациясы тартылат

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата, Кыргызстан жана Швецария тарабынан Жамийла повестинин жаңы экранизациясы тартылат. Бул тууралуу тасманын продюсерлери Паризат Жакыпбекова (Кыргызстан) жана Кайрат Биримкулов (Швецария) билдирди.

Маалым болгондой, учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Чыгарманы тасмага ылайыкташтырып жазган сценарист жана драматург Кезер Зарлыкова.

Белгилей кетсек, тасма Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында тартылат. Повесттин экранизациясына Эльдар Айтматов тарабынан уруксат берилди жана колдоого алынган.

Делбирим тасмасынын со-режиссёру, Эльдар Турдумамбетов «Жамийла» повестин экранизациялоодо башкы режиссёрдун милдетин аткарат.

Эске салсак, буга чейин Өзбекстан менен Кыргызстан тарабынан биргелешип тартылган «Делбирим» тасмасынын сценарийин адаптация кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости