www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында кызматкерлер төшүнө тагып жүрүүчү видеорегистраторлор презентацияланды. Бул тууралуу NazarNews.kgге аталган мекемеден кабарлашты.
Иш-чарага ЖАМКнын төрагасы, генерал-майор Мелис Турганбаев баш болгон жетекчилер, ЖАМКнын Коомдук кеңешинин төрайымы Чолпон Омурканова, Өзбекстандан келген "Узэлектроаппарат Электрощит" акционердик коомунун байланыш секторунун башчысы Евгений Меркулов, "Hytero" компаниясынын Өзбекстандагы өкүлү, инженер Илья Марченко катышты.
Кеңешмеде өзбекстандык өкүлдөр өздөрү сунуштап жаткан видеорегистраторлор тууралуу кенен баяндап, суроолорго жооп берди. Мында ошондой эле, алардын видеорегистраторлорун төшүнө таккан 16 мекеменин кызматкерлери аркылуу анын онлайн байланышы, иштөө мүмкүнчүлүгү көзөмөлдөндү. Маалыматка ылайык, бул аппарат 24 саат бою түз эфирге чыгып, борбордук аппаратка көрүнүп турат.
"Hytero" фирмасынын Өзбекстандагы өкүлү Илья Марченконун айтуусунда персоналдуу видеорегистратор видео, аудио материалдарды окуя болгон жерде тартуу, сактоо жана берүүгө ылайыкташкан. Мында камера менен катар микрафон коюлган. Бул система 3G, 4Gга кошула алат жана үн байланышты камсыз кылып, кооптуу учурда сигнал берүүгө ылайыкташкан. Ал ошондой эле, жабык сеттерде иштейт.
Марченко: "Негизинен, бул система укук коргоо органдарында жана жарандарда далил жыйноо ишине багытталган. Ал 1993-жылдан бери коопсуздукту сактоо максатында ар кандай кооптуу учурда радио байланышууга адистештирилген "Hytero" компаниясына таандык. Өзбекстан ушул жабдууну ИИМде, Улуттук гвардияда жана башка мекемелерде колдонуп келет",-деп билдирди.
Эске сала кетсек, буга чейин ЖАМКга бардыгы болуп 174 видеорегистратор алынып, 4 жабык жайларга таратылган. Соттолгондор кызматкерлерди сөгүп же баш ийбестик жасай албайт. Мындай аппараттар кызматкерлердин коопсуздугун гана эмес, алардын жана соттолгондордун тартибин көзөмөлдөөгө чоң өбөлгө түзөт.
Булак: NazarNews.kg