www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкуга жаңы Конституцияны кабыл алуу үчүн референдумду 2021-жылдын 10-январында өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады.
Тактап айтканда депутаттар референдумду президенттик шайлоо менен чогуу өткөрүүнү сунуштап жатышат.
Учурдагы Конституцияга ылайык, башкы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү 80ден кем эмес депутат демилгелей алат жана ошондо гана мыйзам долбоору референдумга коюлушу мүмкүн.
Бирок мыйзам долбоорунун авторлорунун бири делген «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Эмил Токтошев демилгечи катары кол койбогонун билдирди.
Бир нече депутат Конституциянын жаңы долбоорун окубай эле кол коюшканын, мыйзам долбоорунун автору эмес экенин айтышты. Учурда жаңы Конституциянын автору же авторлору ачыктала элек.
Бирок Жогорку Кеңештин сайтына жүктөлгөн документ (файл) жөнүндө маалыматка караганда, документтин автору болуп Бектур Зулпиев саналат. Ал учурда президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары кызматын ээлейт. Башкача айтканда Конституциянын жаңы долбоору Зулпиевдин компьютеринен алынып, Жогорку Кеңештин сайтына жүктөлгөн.
Булак: NazarNews.kg