www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир мезгилде жылдызы жанып, мырзаларга уурданып барган ырчы айым Жаным Айзат чыгармачылыктан биротоло алыстап, учурда чет өлкөдө билим алып, эмгектенип жүргөн маалы. Бул тууралуу Айзат: “Ырчылык менен алектенип, жөнөкөй студент болуп жүргөн мезгилимде көпчүлүк “Сен программистсиң. Анан ырчылыкты кантип алып кетесиң?” деп көп сурай беришчү. Ошол учурда мен ырчылыкты хобби катары көрчүмүн.
Жан дүйнөм музыканы каалап тургандыктан, кесип тандоодо абдан кыйналдым. Биздин окуу жайдын бакалавр бөлмүмүн аяктап жатканда Германиядан акысыз билим алууга тандоо туру жүрүп калды. Катышып көрүп, көп студенттин арасынан жалгыз мен өтүп кеттим. “Бул менин бактым болсо керек.
Ырчылыкты жыйыштыра турайын” деп ойлонуп жатсам, ата-энем да “Чет жерди көрүп кел. Ырчылыкты таштап эле сал” деп башымды айлантып салышты. Шоу бизнестин да жаман жактары көп эмеспи. Ошол мезгилде мага шоу бизнес жакпай баштаган. Биздин шоу бизнес негизи абдан башкача.
Кыргыз шоу бизнесинин өкүлү экениме кээде арданчумун. Себеби, бизде аябай көрө албастык, бут тосуулар, ушак-айыңдар, ар кандай жаман иштер, кептер көп болчу. Кээде ушактардан тажап, күндөп-түндөп ыйлап, апама келип арызданчумун. Чынын айтсам, көңүлүм калып калган. Мына ошонусу менен мен сахнадан алыстоону чечкем” деп билдирди.
Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg