www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда бүгүн, 2018-жылдын 8- июнунда,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын жергиликтүү соттору менен  видео конференц байланышы болуп  өттү.

Видео конференц байланыш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы тарабынан 2017-жылдын 1-июлунда күчүнө кирген  жаңы Жарандык - процесстик кодексинин ченемдерин колдонууда пайда болгон көйгөйлөрдү  талкуулоо болду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьялары бирдиктүү сот практикасын  иштеп чыгууда, ошондой эле   биринчи жана  экинчи инстанциялардагы соттордун ишинде болуп жаткан кемчиликтерди жоюу боюнча өздөрүнүн сунуштарын беришти.  Талкуу учурунда  жергиликтүү соттор онлайн режиминде  сурооолорду беришип, тийиштүү жоопторду алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости