www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чай кайнам

Ар бир актёрдун өзүнө таандык почерки болот окшобойбу. Мейли оң же терс каарманбы майын чыгара жеткиликтүү аткарат. Жеңишбек Сманов өзгөчө харизмасы бар, өз кесибинин мыкты чебери, мейли «Тумар ханышадагы» -Бактиярбы, же «Көздөн учкан Ата Журттагы»-Маке чалбы, дагы «Тагдырдагы»-Жалкытайбы, «Ак боз аттагы»-Контаажыбы, айтор аткарып келген образдарынын көпчүлүгү көрүүчүнүн эсинде калган башкы каармандар. Баса белгилеп кетчү дагы бир жагдай, жөн гана эпизодду аткарса дагы, кээде башкы каармандардан күлдө жаткан күмүштөй болуп жаркырап чыга келет. Жеңиш мырза менен бир чай кайнам убакытта баарлашкан маекке назар салыңыз, окурман.

- Актёр бир эле учурда күткөндү жана шашканды билүүсү зарыл дептир Андрей Миронов. Сиздин көз карашыӊыз?

- Андрей Мироновго окшогон актёрлордой болууну самап, мен дагы ушул актёрдук кесипти тандагам. Бул жерде эки анжы ой жаралат. Күткөндү, ошол эле учурда шашканды билүү, албетте, зарыл. Жүрөгүң менен каалаган каарманды сахнада жаратыш үчүн кээде күтүүгө дуушар болосуң, ага бир кылым дагы жетпей калышы мүмкүн. Күткөнгө чыдамың жок болсо, бул кесипти аркалабай койгонуң деле дурус деп ойлойм. Ошондуктан актёр ар тараптуу болуусу шарт эмеспи. Ал эми жакшы актёр оболу өзү менен өзү көп баарлашып, ошол ролду жүрөгү менен түшүнүүсү, акылы менен кабыл алуусу керек. А бул нерсеге убакыт талап кылынат, шашылыштын кажети жок.

-  Театр мен үчүн максат эмес, тек гана жашоодо өзүмдү-өзүм таануу ыкмам деп бир актёрдун айтканы бар. Сиз үчүн театр…

- Адам бир жолу гана жаралат. Ал эми театрыбыздын ыйык сахнасында, биз бир нече жолу каармандарыбызга жан берип, өмүр сүрөбүз, кайрадан жаралабыз десем жаңылышпайм. Театр - менин жашоом!..

- Театр кино, эстрада же башка эмес. Жадагалса сүйүү тууралуу роман дагы эмес, мындан келди ал сүйүүнүн- өзү. Тек гана силер экөөӊсүӊөр, көрүүчү жана сен деген накыл сөз бар. Сиздин көз карашыӊызды уксак…

- Мен жана көрүүчү…Үчүнчү коңгуроо басылып, кызыл баркыт отургучка отурган көрүүчүнү роль аткарып жаткан мен кандай туямын көпчүлүккө ошо кызык. Роль аткарып жатканда жымжырттыктан көрүүчүнүн көз карашын көрбөсөм дагы, ички жан дүйнөсүнүн демин сеземин. Мен үчүн театр, актер менен көрүүчүнүн диалогунан жаралган сүйүү десем болот. Көрүүчү мага дем берет, алдыга үндөйт, көрүүчү мени жандандырат. Актёр эч убакта көрүүчүнү алдай албайт. Сахнага чыгарың менен бир жарым мүнөттүн ичинде көрүүчүгө кызыкдарсыңбы же жокпу билинип калат. Андыктан көрүүчүгө ынанымдуу каарманды ойноо шарт.

- Балдарымдын ичинен алсызы мага жакын деп эне түйшөлгөндөй, сиз кайсы каарманыӊызга боор тартасыз?

- Ошондой эле, энесинен балдарыңыздын кимисин жакшы көрөсүз десе, ооруганын айыкканга чейин, алыстагысын келгенге чейин, кичинекейин чоңойгонго чейин, бардыгын жүрөгүм токтогонго чейин деп жооп бергендей, мен дагы ойноп жаткан ар бир каарманыма жакын болдум, сүйдүм, боор тарттым.

- Кесипке карай мүнөз өзгөрүлөбү же мүнөзгө карап кесип өзгөрүлөбү? Дегеним, трагикомедиянын атасы Чарли Чаплиндин мүнөзү өтө катаал болгону менен кылымдын маскарапозу аталып калды…

- Бизде театрда терс каарман оң каарман болот эмеспи. Эгер терс каармандарды аткарганымда менин мүнөзүмө жараша тандалган роль болбойт. Арасында оң каармандарым да жок эмес. Жашоодогу Жеңиш эң жөнөкөй, бирөөгө кымындай да жамандыгы жок, кыргыздын маданияттуу, ыймандуу баатырларынан.

- Сиздин кыял-жоругуӊузга жакын кайсы каарманды атайт элеңиз...

- Ойногон каармандарымдын баары жагат, баланчанын кыял-жоругу мындай, түкүнчөнүкү андай деп такыр бөлбөйм. Тескерисинче менде жок кыялды каарманымдан сууруп чыкканга, башкача жоруктарын табууга аракет кыламын.

- Достук сиз үчүн…

- Достук мен үчүн ыйык, эч нерсеге алмашкыс, сатылгыс. Эркектер үчүн бул өтө маанилүү.

 - “Чыныгы сүрөткер (художник) – байланыш жасоонун ачкычы, эгер мен жолугуп калган адам Чеховдун чыгармаларын жактырып сүйөрүн билсем – ал менин досум болот”-деген Айтматов. Улуу жазуучубуздун улуугун кармап турган күч эмнеде деп ойлойсуз?

 - Улуулукту адамдын эӊ оболу жөнөкөйлүгү дарактын бутагындай же чынжыр жука жеринен бекиген зымдай кармап турган күч болуп, өздүгүн айгинелеп турат. Улуу таланттар бар, бирок адамгерчилигинен тайган. Чыкемдин өзүнүн айтканы бар: “Бу жарыкчылыкта макулуктардын ичинен атайылап жамандык издеген жалгыз гана башы кара, буту айры адам баласы экен, эми эмне кыла аласың!”. Айтматов айтып кеткендей, ошол улуулугун аксаткан кээ бирлердин кымындай адамгерчилигинин жоктугу. Тескерисинче, Айтматовдун улуулугун даӊазалап келген анын жөнөкөйлүгүн тастыктаган адамгерчилигинде деп ойлойм. Ал ошол айныгыс мүнөзү менен бийик жана татыктуу өмүр сүрдү. Жазуучу эч убакта кимдир бирөөнү өзүнө атаандаш катары караган эмес экен. Өз ийгилигине топук кылып жашап өттү. Болбосо анын доорунда деле көралбастар бар чыгар. Башканын ийгилигине ортоктош, жакшылыгына канаатташ болчу экен. Мына анын айкөлдүгү, мына анын улуулугу!..

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости