www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2015-жыл кыргыз шоу бизнеси көп өзгөрүүлөргө, өнүгүүгө, толуктоолорго, жеңиштерге абдан бай болгон. Дегенибиз үстүбүздөгү жылдын башында өзүн жеке ырчы катары сынап көрүүнү чечкен Жийдеш Идирисова эл аралык "Turkvizyon" ыр конкурсунда атаандаштарын ат чабым артта калтырып, кыргыз элинин маданиятын дагы бир тепкичке көтөрө алды. Бүтүндөй түрк дүйнөсүнө өзүнүн өнөрү менен тааныла алган Жийдеш бүгүн бизде мейманда.

- Жийдеш, эң алгач чыгармачылыгыңыз тууралуу кеп салып берсеңиз. Ал кандай жана ким үчүн?

- Рахмат! Жакшы болот. Чыгармачылыгым албетте элим, жерим үчүн. А мен чыгармачылыгым үчүн жаралгам десем жаңылбайм. Ырчылык өнөр бул менин жан дүйнөм, сүйүктүү кесибим. Жеке ырчы катары былтыркы жылдан тарта жаңыдан чыгып баштадым. Азыркы учурда мага элге менин чыгармачылыгым жагып жатабы же жаккан жокпу билине элек.  

- Жеке ырчы катары чыгып калууңузга эмне түрткү болду?

- Анын өзгөчө деле себептери жок. Чоң бир нерсе да түрткү болду деп айтуудан алысмын. Болгону өзүмдү, күчүмдү сынап, “Бул нерсенин баары менин колумдан келеби же келбейби?” деп жеке ырчы катары чыгып калдым. Жөн эле чыгып койбостон алдыга койгон максаттарымды ишке ашыруу үчүн болгон аракеттерди көрүүдөмүн.  

- Анан баары колуңуздан келет бекен?

- Кудай буюрса! Баардыгы акырындык, өз убакыт сааты менен ишке ашып, өз ордуна келип жатат. Кандай гана кырдаал болбосун алдыга гана умтулуп иштей берем.

- Кыргыз шоу бизнесинен келечегиңизди көрүүдөсүзбү?

- Келечегим кандай болот аны азыр чынында билбейм. Көрүп деле элестете албайм. Ал нерсенин баардыгын элибиз чечип, баалайт деп билем. Болгону азыр кыргыз шоу бизнесинин ичинде өз ордумду таап, атымды калтырып кетейин деген эле максатым бар.

- Сизди кайдан гана көрбөйлү ар дайым бийчилердин коштоосунда жүрөсүз жана ар бир ырды сөзсүз бий менен коштоп өтөсүз. Бийчилериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

- Бий- чыгармачылыктын дагы бир түрү. Аны менен көп нерсени кооздоп өтүүгө болот. Чыгармачылыкка киришкени мен баардыгын алдын ала пландап алгам. Анын ичинде бийчилер менен иштешүү да бар эле. Бийчи кыздарды эң биринчиден талантына, ар тараптуу бийлерди бийлегенине жараша, ийкемдүүлүгүнө, адамгерчилик сапаттарына, сырткы келбеттерине карап тандап алганбыз. Учурда биздин топто төрт кыз, бир жигит жана биздин ар бир бийди койгон хореографыбыз бар.

- Биздин шоу бизнесте сизге окшоп жеке бий тобун алып жүргөн ырчылар дээрлик жокко эсе экени бизге белгилүү. Кээ бир ырчылар бийчилерди алышса да баардыгы барып каржы жагына такалып акыры таркап кетишет. Бул жагы сизде кандай?

- Ооба, туура айтасыз. Бирок, мен шоу бизнеске аралашып жатып “Буга же тигиге мынча акча кетет экен. Өзүмө акча калбай калабы?” деп башымды оорутуп, сарсанаа болгон жерим жок. Эмгектениш керек. Өзүңдү көрсөтүшүң керек. Мен шоу бизнеске акча табуу максатында аралашып жаткан жерим жок. Эң башкысы кайсы жерде болбосун сахнага чыгып ырдап жатканымда элге өзгөчө бир шоуну көрсөтүү жана алардын алкоосуна татыктуу болуу мен үчүн абдан маанилүү.

       Жеке бий топко ар бир бийди бийлегендерине акча төлөйм. Костьюмдарын тиктирем. Кыздарды салонго алып барып сулуулантып, чач жасалгаларын жасатабыз. Мына ушунун баарына жакшы эле акча каражаттары жумшалат. Жыйынтыгында жогорку деңгээлдеги бир шоуну биргеликте коомчулукка тартуулайбыз.

- Жандуу ырдап, аны бий менен коштоо сизге кыйынчылыкты туудурбайбы?

- Жок, бул мен үчүн кыйынчылык деле эмес. Эгерде бий менен көп иштеп, машыгууларды ар дайым жасап турсаң кыйынчылык дээрлик болбойт. Эмгектенсең баарына жетишесиң. Жеке ырчы болгонго чейин мен “Артек” аттуу топто алты жарым жыл иштегем. Ал топто баардыгы жандуу болуп, музыканттар ойношчу. Жандуу музыканы коштоп мен дагы жандуу ырдоо менен бирге бир орунда турбастан бийлечүмүн. Мына ушунун баарын баштан өткөрүп, тажрыйба топтоп учурда экөөнү бирге татыктуу алып кетип жатам. 

- Ырчылык өнөрдө кайсы стилге өзгөчө басым жасайсыз жана жеке ырчы катары өз стилиңизди таптыңызбы?

- Чынын айтсам жеке ырчы катары чыкканга чейин өзүмдүн стилимди таба алган жокмун. Азыр деле изденүүнүн үстүндөмүн. Себеби, буга чейин топто башка ырчылардын чыгармаларын ырдап жүрүп көнүп калган экенмин. Анан өзүмө келгенде “Кантип ырдашым керек?” деп башта кыйынчылыктар болду. Учурда кандай иштеш керек экендигине көнүп калдым. Ырчы бир эле стилде ырдашын да каалабайм. Чыгармачыл инсандар ар тараптуу болушу керек. Ырчы бардык стилде ырдашты билиши зарыл деп эсептейм.

- Сизге продюсерлик, жетекчилик кылган инсандар барбы же...?

- Мага чоң жардам берген досторубуз, чыгармачыл инсандар абдан көп.  ыгармачылыгымдагы бардык нерсени көзөмөлдөп, кармап турган өзүмдүн сүйгөн өмүрлүк жарым Андрейге абдан ыраазымын!   

- Учурда кандай долбоорлордун үстүндө эмгектенүүдөсүз?

- "Turkvizyon" сынагынан кийин кызуу иштеп жатам. Экинчи наристемдин жарыкка келишин күтүүдөмүн. Буюрса, аман-эсен көз жарып алсам, кайрадан сахнага кайтып келем.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

 

Последние новости