www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын  15-майында,  Кыргыз  Республикасынын Жогорку  Кеңешинин    Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  сотунун  Төрайымы Айнаш Токбаеванын Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ишмердүүлүгү жөнүндө 2017-жылга карата маалыматын угушту.

Анда,   Айнаш  Токбаева сот  адилеттигин ишке  ашыруунун сапатын жогорулатуу   максатында Кыргыз Республикасынын  Жогорку  соту  тарабынан  бир  катар  негизги багыттар  аныкталып,  алар  боюнча  тиешелүү  иш  чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Мындан  сырткары, бирдей соттук практика сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн- түз таасирин тийгизерин, андыктан Кыргыз Республикасынын Жогорку соту бул багытта тиешелүү иш чараларды жүргүзүп, 2017-жылдын ичинде жана 2018-жылдын биринчи кварталына карата бирдей соттук практиканы түзүү боюнча 8 Пленумдун токтомдорун кабыл алганын белгилеп кетти. Ошону менен бирге бирдей соттук практиканы түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту заманбап технологияларды дагы колдонууда. Облустук сотторго видео- конференц байланыш системалары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практика боюнча пайда болгон суроолорду жана маселелерди талкуулап, мыйзамды туура колдонуу түшүндүрүлүүдө-деди  А. Токбаева.

Маалым болгондой,  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапатын жана эффективдүүлүгүн баалоо системасы иштелип чыгып, киргизилген. Бул системага ылайык, республиканын ар бир судьясынын ишмердүүлүгү баардык каралган иштердин сапаты жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароосу ар бир квартал сайын бааланат. Мындай баалоо соттордун иштерди мыйзам чегинде жана өз убагында кароо боюнча жоопкерчилиги менен бирге,  сот адилеттигин ишке  ашыруунун сапатын  жакшыртууга  алып келери  айтылды.

Жыйындын  жүрүшүндө Айнаш Токбаева сот тутуму коррупцияга аралашкан судьялардан тазаланыш керек деген пикирди толугу менен колдоорун  билдирди.  Бирок, Төрайым  коррупция менен күрөшүү бул тиешелүү укук коргоо органдарынын функционалдык милдеттерине кирээрин айтып, алар ар бир мындай фактылар боюнча иш алып баруусу зарыл экенин  кошумчалады. Ал  эми сот тутумунда  болсо  бул багытта коррупцияны алдын алуу боюнча тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө деди.

Сот системасынын дагы бир приоритеттүү багыттарынын бири катары Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан электрондук сот өндүрүшүн киргизүү аныкталган. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Жогорку соту донорлордун жардамы менен бир катар иштерди жүргүзүп, үч пилоттук сотто автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүш системасы ишке киргизилүүдө жана жакын арада бул система Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизүү пландалып жатканы  айтылды.  Аталган система арыз сотко түшкөн мезгилден тартып, иштин материалдары атайын сканерден өткөрүлүп “электрондук иш” түзүлүп, сот отурумундагы баардык документтер электрондук форматка өткөрүлүп, иш боюнча соттук акты кабыл алынып, архивге тапшырылганга чейин электрондук түрдө жүргүзүлөт. Ошондой эле бүгүнкү күндө Жогорку сотто иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү системасы толугу менен киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатат.

Жыйындын  соңунда депутаттар Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  сотунун Төрайымынын бир  жылдык маалыматын угушуп, бийликтин  эки  бутагы  тыгыз  кызматташта  болуп, жаралган  маселелерди чогу талкуулап,  бирге  жооп  издесек  деген  каалоо — тилектерин  билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости