www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 30-сентябрда Кыргызстандагы медиа өкүлдөрү маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин талкуулап жатат.
Анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго жана Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго Кайрылуу жасашты.
«Биз, Кыргызстан медиа коомчулугу массалык маалымат каражаттарынын, журналистердин жана медиа уюмдардын атынан массалык маалымат каражаттарынын ишин жана журналисттердин укуктук макамын жөнгө салган мыйзамдардын инвентаризациялоо аракетине көңүлүңүздөрдү бурабыз.
Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө», «Телеберүү жана радиоберүү жөнүндө» жана «Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзамдарды баалоодо инвентаризациялоо боюнча кошумча иш топтун эксперттери аталган мыйзамдарга бир аз оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн көрсөтүшкөн.
Бул корутундулар көрсөтүлгөн мыйзамдарынын мазмунунун Кыргыз Республикасынын Конституциясына, социалдык адилеттик жана өнөктөштүк принциптерине, предметти жөндөөдөгү керектигине, максатка ылайыктуулугуна, натыйжалуулугуна жана жетиштигине ылайык негизделген.
Ошондой эле ички каршылыктардын, кагылыштардын жана укуктагы кенемтенин жоктугуна негизделген.
Бирок медиа инвентаризациялоого жаткан 359 мыйзам ичинен ММКлардын жана журналисттердин ишин жөнгө салган мыйзамдардын («Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө») биринчи максаттарда, кезекте караштырылып жаткандыгы тынчсыздандырууда.
Бул шашылыш түрдө 2021-жылдын 13-сентябрында тегерек стол өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча КРнын Юстиция министрлиги тарабынан жалданган эксперттер белгилүү формулировкалар боюнча кыска мөөнөттүн ичинде сунуштарды кийрүүнү сунуш кылып жатышат.
ММКлардын жана журналисттердин ишин жөндөөчү мыйзамдар жарандар, массалык маалымат каражаттары, журналисттер, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосундагы өз ара мамилелердин татаал түрдүүлүгүн караштырып келет.
Бул жаатта каалаган өзгөртүүнү, анын ичинде анча олуттуу эмесин да киргизүү терең талдоону, бардык кызыкдар тараптар менен кеңири талкууну талап кылат. Мыйзамга кандайдыр-бир өзгөртүүнү киргизүү үчүн белгилүү бир укуктук карым-катнаштарды жөндөө максатында концепцияны иштеп чыгуу зарыл, мисалы журналисттер менен ММКлардын маалыматка жеткилик укугу, башка ченемдик укуктук актылар менен шайкешүүсү ж. б. Мыйзам долбоорунун концепциясынын жоктугу КРнын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» Мыйзамынын (51-бер. 6-бел., 56-бер.) ченемдерине каршы келет.
ММКлар жаатындагы мыйзамдарды инвентаризациялоо аракетинин алкагындагы иш киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдүн концепциясын аныктабастан жүргүзүлүп жатат.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, медиа коомчулук ММКлар жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштардын иштелип чыгуусун мезгилсиз эсептейт.
Буга байланыштуу, сиздерден Кыргыз Республикасынын «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө», «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Мыйзамдарын учурда өзгөртүүсүз калтырууну суранат», - деп айтылат Кайрылууда.
Булак: NazarNews.kg