www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен коогалаңынын катышуучулары митингге чыкты

1999-2000-жылдардагы Баткен окуясынын катышуучулары 30-сентябрда Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Аскердик укук коргоочу Анвар Сартаевдин айтымында, каршылык акциясынын катышуучулары Кыргызстандын бардык аймактарынан чогулган.

Алар расмий макам берүүнү жана багуучусунан ажырагандар үчүн социалдык төлөмдөрдү 1 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышууда.

Буга чейин АКИпресс агенттигинде өткөн маалымат жыйында Баткен коогалаңынын республикалык ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү 1999-2000-жылдары Баткен аймагында болгон куралдуу кол салууда террорчуларга каршы турган жигиттер учурда мамлекеттен колдоо албайт, деп билдиришкен.

Баткен окуясында 54 эр-азамат каза тапкан. Куралдуу салгылаштын кесепетинен 21 адам майып болгон. Майып болгон жарандар учурда мамлекеттен 7 миң сомдук жардам алса, көз жумган жигиттердин үй-бүлөсүнө болгону 1000 сом берилет. Ардагерлер бул сумма абдан аз деп эсептешет.

Ардагерлер белгилегендей, учурда Баткен окуясынын катышуучуларын эске алган бир гана саамалык - 26-октябрь Баткен коогалаңында каза тапкан жарандарды эскерүү күнү катары белгиленет. Ал эми көзү тирүү катышуучулар такыр унутта калды, дешет ардагерлер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости