www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Талибан” кыймылы алгачкы жолу Тажикстандын дарегине курч пикирин билдирди. Буга чейин тажик бийлиги Панджшер аймагындагы абалды кескин сынга алган. Ошондой эле, коңшу Афганистанда бийликти күч менен басып алган эч бир күчтү тааныбайбыз, – деп билдирген тажик бийлиги.

Панджшерде “Талибан” кыймылы аларга каршы акыркы топ менен күрөш жүргүзүүдө. Учурда эки өлкөнүн ортосундагы чек арада абал чңалып турат.

“Газета.uz” маалымдагандай, “Талибан” кыймылы алгачкы жолу тажик бийлигине эскертүү берип, коркутууга алган. Учурда Афганистанда август айынын соңунда орного талибдердин бийлигин эл аралык коомчулук тааный элек, бирок, аны менен баары бир эсептешүүгө туура келет, – дейт “Газета.uz” басылмасы.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 25-августта Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреш менен болгон жолугушууда тажик бийлиги Афганистанда күч менен алынган бийликти тааныбай тургандыгын айтып, бийликке тажик тектүү адамдар дагы келиши керектигин кыйыткан. Анда, ал Афганистандын калкынын 46% этинаклык тажиктер деп билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости