www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Не бир укмуш көз жоосун алган көркөм кол өнөрчүлүк буюм-тайымдар атадан-балага өтүп, үрп-адат катары сакталганы акыйкат. Ошол эле кыргыз жыттанган оюу-чийме-саймалар да канчалаган кылымдарды карытып, ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп, өнүгүп-өсүп отуруп биздин күнгө чейин жеткени сүйүнүч. Колунан көөрү төгүлгөн өнөрпоздор дилиндеги таланты менен өнөр шыбагасына  өздөрүнүн учкул кыялдарын, терең ой чабытын, үмүт-тилегин, ата журтунун ажайып кооздугун кошуп, түмөн түркүн оюуларга айландырып келишкен. Бүгүнкү  күндө кол өнөрчүлөрдүн тээ ата-бабаларыбыздан калган өнөрдүн өзөгүн заманбап стилге салып, аны улам өркүндөтүп, жасалгалап келе жаткан чеберчилигине баа бербей коюуга болбос. Мына ошондой кесиптин бири тери иштетүү өнөрү. Бул жаатта кесипкөйдүн эмгегин жакындан таанууну эп көрдүм. Каарманым ар тараптуу талант ээси экени бир чай кайнам убакыттагы баарлашуудан улам билинди.

--Тери иштетүү кол өнөрчүлүгү көчмөндөргө таандык, бул өнөргө кандайча аралашып калдыңыз, кепти ошондон баштасак...

--Мен Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу  Куйручук айылынан болом. Атам Муратбек өзү уста болгон. Атамдан калган өнөр десем дагы туура болоор. Апам Перизат, кесиби мугалим, апамдын жолу менен дагы мугалимдик кесипти аркалап келем. Өнөр - бул тубаса талант, Жараткандан берилген шыбага. Ал эми нагыз талант оболу өзүн эркин сезүү керек го деп ойлойм. Себеби ал өнөрпоз искусстводо өз ордун ошол эмгектеринен табуусу зарыл. Атамдын керээзи менен борборубуздагы № 92 Сүймөнкул Чокморов атындагы окуу жайдын  териден көркөм буюм жасоо бөлүмүнө тапшырып, келинчегим экөөбүз кызыл диплом менен бүтүргөнбүз. Байызов Бакыт агайым профессионал сүрөтчү болушума чоң көмөк көрсөтүп окутту, тарбиялады.

--Заманга жараша териден жасалган белек-бечкектер элдин  болуп көрбөгөндөй кызыгуусун арттырууда...

--Мурун белек-бечкектер  Кытайдан келчү эмес беле. Акыркы он жылдыкта ата мекендик өндүрүштөн даярдалган белек-бечкектерге элибиз кызыкдар боло баштады. Кол өнөрчүлүктүн кайсы түрүн албайлы, бир гана Кыргызстандагы жарандар эмес, коңшу өлкө, чет мамлекетке чейин кеңири тааныла баштады. Тээ илгертен ата-бабалар сактап келген кыргыз баалуулуктарын келечек муунга өткөрүп берүү биздин милдет.

--Байкашымча, териге түшүрүлгөн ой-толгоолор каймана түрүндө берилишинин себеби эмнеде жана сиздин тематикаңыз эмнелерди камтыйт?

--«Жакшы китеп окуймбу, жаман китеп окуймбу, айтор, ал мага тирүү жандай сүйлөйт» деп  Жонатан Свифт айткандай, тарыхый жана мистикалык чыгармаларга жакынмын. Ошол картиналарды тартканда мистикага  басым жасайм. Сүрөт өнөрү өзү сыйкыр дүйнө, ал  өзүнө сыр катып тургандай, айтор,  эмне жашырып турганын сенден сурабайт эмеспи... Көбүнчө ат жабдыктарды, аялзатына тиешелүү буюм-тайымдар, кеңсеге керектелчү жана  аялзатына керектүү буюм-тайымдарды, шахмат кутучаларын  дагы жасаймын.

--Бизден башка кайсы эл тери иштетүүнү кесип катары алып жүрөт болду экен, кызыкпадыңызбы?

--Жасаган буюмдарды Казакстанга алып барам. Ал жакта дагы тери менен иштешкендер көп болгону менен биздин  буюмдарга суктанып бүтө алышпайт. Астананын (Нур-Султан) он жылдыгында фестивалга катышканбыз. Алардын ажосу өнөр кадырлап-барктаган инсан эмеспи, ошондо президент Нурсултан Назарбаевдин өз колунан сыйлык алгам.

--Ийгилик бар жерде атаандаштык дагы болбой койбойт...

--Сүрөтчүлөр  арасында өз почерким  менен айырмаланып турган болсом менин жеңишим ошол.  Албетте,  тынымсыз эмгектенүүнүн натыйжасы аркылуу ошол ой-мүдөөнү багындыра алам.  Тырышчаактыгым менен  өжөрлүгүм туруктуу принцибим жоопкерчиликтен  тайдырбайт.

--Эгер көрүүчүң болбосо, анда сен өлүктөн айырмаң жок дешет, актёрдук чеберчиликти да бирдей алып жүрөт экенсиз...

--Жогоруда айткандай сүрөтчүлүк генден өткөн өнөр, ал эми балалыктын асманында жашап келген дагы бир максатым уникалдуу талант, өз доорунун эң алдыңкы киноактёру Сүймөнкул Чокморовдой актёр болуу эле. Себеби, бала кезде өзбек режиссёр Али Хамраевдин “Жетинчи ок” тасмасы көз алдымда калган. Мына ошондо Чокморовдун актёрдук чеберчилигине баа бергем. Ошондогу актёр болуу  кыялымды иш жүзүнө ашырган режиссёр Мырза Айдаралиевге терең ыраазычылыгымды билдиремин. Кино чөйрөсүндөгү даңгыр жолду   аттаганымда эле “Карышкырдын мыйзамы-2” тасмасында башкы каарман Атайдын ролун сунуштаган... Кино жаатын жакындан таанытып, андагы сыр түйүндөрүнүн чечмеленишин түшүндүрө, болгон өнөрүн үйрөткөн бир чети устатым, бир чети досум кино жана театр актёру Жеңишбек Сманов болду.

--Кандай ролдон өзүңүздү сынагыңыз бар...

--Комедиялык ролдон өзүмдү көргүм бар. Билбейм неге ушунчалык кызыктым, балким мүнөзүм токтоо болгондуктанбы, ушул жанрда өзүмдү-өзүм сынагым келди.

--“Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп коёт го, олбурлуу дене түзүлүшүңүзгө караганда спорт менен дагы машыгат окшойсуз...

--Ооба. Спорттун түрү греплин менен алектенем. Кызыккан балдарды машыктырып келем.

--Турмушка жаралуу оңой, ал эми жашап кетүү кыйын нерсе дешет...

--Турмуш өзү тоо сыяктуу, кадимки эле Ала-Тообузду элестетем. Мен муну кесип жана жар тандоодон жаңылбоо керек деп түшүнөт элем. Жараткан мени ушул эки чоң нерседен адаштырбаганына шүгүрчүлүк келтиремин. Өмүрлүк шеригим Римма мага сүйүктүү жар, балдарым Арлен, Сезим, Хадия, Асия, Жуарияга мээрман эне, кайын журтуна ыймандуу келин, төркүнүнө күйүмдүү кыз. Айрыкча мырзаларда жаштык кезде кээде жаңылыштык болот эмеспи, мына ошонун баарын көтөрүп ичине каткан аялзаты күчтүү зайып боло алат. Ар дайым ийгилигиме кубанып, колдоп келгенине эки дүйнөдө ыраазымын. Түбөлүгүбүз бир болсо экен деп Кудай Тааладан тилеймин... Ал эми профессионалдык кесипте ар бири  өсүүнү максат коёт. Мен кыйраттым  дегенден алысмын. Бул менин ийгилигимдин башаты, бирок соңу эмес. Ар тараптуу өнөрдүн  тилинде сүйлөөнү эш тута, чеберликке баш багуу толкунга үрөн сепкен менен барабар.  Алдыда нечендеген дабан ашуулар күтүп турат.

Динара Асылбеков,NazarNews.kg

Последние новости