www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сүрөткө байланыштуу көптөгөн ырым-жырымдар бар. Эгер ушуларды билип алсаңыз, келечекте олуттуу көйгөйлөрдөн алыс болууга жардам берет дешет парапсихологдор. Бүгүнку күндө эстеликке сүрөткө түшүп коюудан эч ким качпайт деле. Ошентсе да фотоаппаратты колго алуудан мурда айрым учурларды билип коюу ашыкчаэмес.
Ал эми ырым жырымга ишен, ишенбе эрк өзүңүздө. Озүңүзгө жана жакындарыңыыга кырсык чакырбайын десеңиз, адистердин төмндөгү айткан сөздөрүнө кулак салыңыз.
1. Уктап жаткан адамды тартууга болбойт. Бул айрыкча ымыркай балдарга жана бөбөктөргө тиешелүү. Анткени алардын жан дүйнөсү таптаза, эч нерсеге булганбагандыктан кара күчтөр үчүн жай болуп калышы мүмкүн.
2. Күзгүдөн чагылган сүрөтүңдү тартууга болбойт. Көптөгөн диний окууларда күзгү терс энергияларды магнит сыяктуу өзүнө тарткан буюм катары сүрөттөлөт. Тагыраак айтканда, негативдерди чогултуп, өзүндө көпкө чейин сактоого кудуреттүү. Мындай сүрөттү ыргытьш эле салыңыз.
3. Маркумду сүрөткө тартууга болбойт, өтө кеңири тараган ырым. Антпесе каза болгон кишинин жаны тынчыбай калат дегендик. Адам кайсы жерден үзүлсө, жаны ошол жерде кала берет. Эгерде колуңузда ушундай сүрөт бар болсо же тартып калсаңыз, анда аны өзүнчө сактаңыз.
4. Көөдөй кара мышыкты тартууга болбойт. Ооба, айрым элде мышыкты үйдүн энергетикасын тазалоочусу деп билишет. Анын үстүнө эч зыяны жок үй жаныбары. Мышыктар сырткы күчтөрдөн корголгон эмес, ошондуктан жаман энергиянын таасирине бат киришет.
5. Урандылар арасына, каралбай калган эски үйдүн фонунда түшүүгө болбойт. Аларда терс энергетика аябай күчтүү. Таасири сүрөткө өтүп, ээсинин жолун бууйт. Кокус ошондой фондо тартууну чечсеңиз, анда ал сүрөттү киши жашабаган имаратта (мисалы, гараж, сарай, кампа...), чатырда киши көзүнө чалдыкпагандай жерге сактоого туура келет.
Акырында, эзотериктердин пикири боюнча, сүреткө байланыштуу бир нече эрежени сактоо кажет: жаман мамиледе болгон кишиге сүрөтүңүздү бере көрбөңүз. Ошондой эле социалдык тармактарга жөнү жок сүрөттөрүңүздү жайгаштыра бербеңиз. Болбосо досторуңуз, жакындарыңыз гана көрө алгыдай кылыңыз. Анан дагы үйүңүзгө сиз жактырбаган же сизди жаман көргөн кишини сүрөтүн көрүнөө жерге койбоңуз. Андай сүрөт маанайды бузуу менен билинбей энергетикаңызды алсыратып коёт.
Даярдаган Г.БЕЛЕКОВА
Булак: Сырдуу дүйнө