www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-октябрга карата Кыргызстанда дагы 172 адамдан коронавирус жана пневмония оорусу аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 18, Ош шаарынан – 11, Чүй облусунан – 10, Ош облусунан – 21, Талас облусунан – 1, Ысык-Көл облусунан – 10, Жалал-Абад облусунан – 23, Баткен облусунан – 77 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 46 841ге жетти.
Ал эми акыркы бир сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан айыккан 104 бейтап ооруканадан чыгарылды, алардын жалпы саны 42 983кө жетти.
Оорудан айыккандар: – Бишкек шаарынан – 6 адам; Чүй облусунан – 3, Ош шаарынан – 19, Ош облусунан – 35, Талас облусунан – 5, Нарын облусунан – 5, Жалал-Абад облусунан – 13, Ысык-Көл облусунан – 9, Баткен облусунан – 9.
Өткөн суткада коронавирус инфекциясынан каза болгондордун жаңы учурлары, пневмонияны эске алганда Ош облусунда 1 учур катталды. Жалпысынан 1065 адам илдеттен улам көз жумган.
Булак: NazarNews.kg