www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-октябрда, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тогуз айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Отурумга коллегия мүчөлөрү, министрликтин борбордук аппаратынын жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, район акимдеринин орун басарлары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышты.

Коллегияда министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев 2024-жылдын тогуз айындагы иш-чаралардын жыйынтыгын баяндады.

Ага ылайык, 2024-жылдын январь-август айларында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын тышкы соода жүгүртүүсү 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4%га көбөйүп, 92 294,6 млн сомду түздү.

Экспорт 10,1%га көбөйүп, 24 814,4 млн сомду түздү. Ал эми импорт 0,7%га төмөндөп, 67 480,2 млн сомду түздү.

2024-жылдын январь-август айларында айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясы 24 814,4 млн сомго экспорттолгон, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1% га көп.

Мал чарба продукциясынын экспорту 6,6 пайызга көбөйүп, 5 434,3 млн сомго жетти.

Өсүмдүк продукциясынын экспорту 2,4 пайызга өсүп, 7 446,9 млн сомду түздү.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспорту 17,3 пайызга көбөйүп, 11 933,2 млн сомду түздү.

Өлкөнүн экспортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын экспортунун үлүшү 13,1 пайызды түздү, ал эми 2023-жылы бул үлүш 13,6 пайызды түзгөн.

Айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын импорту 2024-жылдын январь-август айларында 67 480,2 млн сомду түздү. Бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,1 пайызга аз.

Мал чарба продукциясынын импорту 2023-жылга салыштырмалуу 31,8 пайызга азайып, 1 840,4 млн сомду түздү.

Өсүмдүк продукциясынын импорту 19 296,1 млн сомго жетти.

Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясынын импорту 2023-жылдын деңгээлинен 0,1 пайызга аз болуп, 46 343,7 млн сомду түздү.

Өлкөнүн импортунун жалпы көлөмүндө айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай продукцияларынын импортунун үлүшү 2024-жылдын январь-август айларында 9,1 пайызды түздү, ал эми 2023-жылдын тийиштүү мезгилинде бул үлүш 9,9 пайыз болгон.

Коллегиянын жыйынтыгында 2024-жылдын тогуз айындагы жетишкендиктер белгиленип, орун алган көйгөйлөр, кемчиликтер көрсөтүлүп, аларды чечүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин министрликтин стратегиялык, орто жана кыска мөөнөттүү пландарын ишке ашыруу тапшырылды.

Последние новости