www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Тез жет» авиакомпаниясынын үстүнө кара булут айланып турган кез. Обьективдүү жана субьективдүү себептерден улам ушундай болуп атабы же бул аталган авиакомпанияга каршы атайылап жасалган маалыматтык кампаниябы?
Тамада Аман Ибраевдин видеосу да атайын даярдалганбы деген ойлор келүүдө. Себеби, билет жок калып, элдер билет таппай жүрүшсө, анан кайдан учак 5-6 адам менен асманга көтөрүлгөнү жатат?
Менин жеке баамымда, көп жылдардан бери эле ички рейстерди туруктуу аткарып келаткан «Тез жет» авиакомпаниясын жарандык авиациядан сүрүп чыгарып, өздөрүнүн учактарын учуруп, бул жааттагы бизнести колго алгысы келген күчтөр пайда болгондой… Балким, ал күчтөр мамлекеттик авиакомпаниянын башында тургандар, же «Манас» аэропортундагы кайсы бир топтор болушу да мүмкүн. Бул ошолордун кылып жатканыбы деп ойлоп атам… Ушундай жол менен «Тез жетке» сокку уруп, монополистке айланууну каалап атышкандай…
Эмне үчүн бул авиакомпаниянын билети салыштырмалуу кымбатыраак болуп келатат? Анткени, атаандаштык жок, ал эми атаандаштык жок жерде бааны түшүрүү кыйынга турат. Атаандаш авиакомпаниялар пайда болсо, «Тез жет» да билет бааларын арзандатууга аргасыз болмок. Бул рыноктун мыйзамы. Мамлекет колго алып, же башка жеке авиакомпаниялар ачылып, учактарды алып келип, ички рейстерге уча башташса, неге болбосун? Ички рейстерди бир эмес, бир канча авиа компаниялар аткарышсын, ошондо билет баалары арзандайт, элде да тандоо болот. Ал үчүн сөзсүз эле бир авиа компанияга каршы маалыматтык кампанияны баштап, ишин токтотууну көздөө керек эмес го.
Кээ бирлер «Тез жет» атайылап саботаждык аракеттерди көрүп жатканын айтып, жазышууда. Бул «суу кечпеген» логика. Мамлекет учурда өлкөгө жаңы учактарды алып келип, ички рейстерди аткарууну колго алууну көздөп атканда, бүтүндөй мамлекеттик машинага каршы чыгып, «биз эле жалгыз учушубуз керек, башкалар учпасын» дегидей, «Тез жеттин» башында тургандар келесоо эмес болсо керек. Тескерисинче, мурдагыдай киреше көрбөй калышса да, атаандаштыктан өз нишасын таап, мындан ары да рейстерди аткарып, иштей берсек деп жаткандары талашсыз.
Кыскасын айтканда, бизнес үчүн мындай маалыматтык иш-аракеттерди жүргүзүү туура эмес. Андан көрө ачык-айкын атаандаштык болсун. «Тез жеттин» учактары да учсун, мамлекет алып келген учактар да учсун, жаңы менчик авиа компаниялар пайда болсун. Атаандаштык бар жерде сапат, өнүгүү, жеткиликтүү баа да болот.
Мирлан Дүйшөнбаев, эркин журналист