www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кандай гана бийлик келсе да, анын тилин таап, жогорку кызматтарды аркалап келген мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин байлыгынын түбү кайдан пайда болгону жана Токтогул районунда бир туугандары менен биргеликте кандайча өзүм билемдик кылып келишкени тууралуу буга чейин деле көп эле айтылып келген. Бирок, эмнегедир ал дайыма суудан кургак чыгат. Бирок, мыйзамсыз иш-аракеттерин токтотпойт.

Т. Сарпашев жана анын бир туугандары союз ыдырагандан кийин эле райондогу эң алдыңкы байлардын катарына кошулуп калышкан. Бүгүнкү күнгө чейин райондо өткөрүлгөн тендерлерге чейин башын салып, өздөрүнө караштуу компаниялардын жеңишин камсыздап, мамлекеттин миллиондорунан «жеп» келишет.

Анын мындай аракеттерине жердештери да нааразы болуп, буга чейин да бир топ жолу тиешелүү укук коргоо органдарына кайрылышкан. Бирок, райондогу укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен жетекчилерине чейин Сарпашевдин тилинен чыгышпайт дешет жердештери. Андыктан бул ирет Токтогулдагы бир катар жергиликтүү депутаттар бир тууган Сарпашевдердин аракеттерине укуктук баа берүүнү, ачык териштирүүнү камсыздоо өтүнүчү менен президент, премьер-министр жана парламенттин дарегине кайрылуу жасашты.

Ал кайрылууда мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баш болгон бир туугандар мамлекеттик фонддун гектарлаган жерлери, кампалар, мал сарайлар жана дүкөндөр сыяктуу райондогу кирешелүү мүлктөрдүн баарына мыйзамсыз ээлик кылып алып, карапайым калктын мыйзамдуу укугу менен кызыкчылыгын басмырлаганы айтылган. Мындан сырткары Токтогул районуна суу сактагычтын эсебинен мамлекеттен жылына 70 миллион сомдун айланасында бөлүнгөн фонддун каражаттарын бөлүштүрүүгө дагы таасир этип, мыйзамсыз өткөн тендерлердин негизинде райондогу суу каналдардын, арыктардын жана суу чыгаруучу насостук станциялардын курулуштарына каралган каражат ортодон жок болуп кеткен фактылардын бети ачылбай жабылып жатканы кайрылууда айтылган.

Токтогул районунун Торкен айылдык кеңешинин депутаты Айдарбек Таабалдиев мындай дейт: «Тайырбек Сарпашев, Тазабек Сарпашев, Памирбек Сарпашев деген бир туугандар кезинде атасына биздин кампаларды, гараждарды жана мал сарайларды болбогон эле акчага менчиктештирип беришкен. Мисалы, Абды Сүйөркуловдун музейин курабыз деген шылтоо менен универмагды алышып, башында анын бир бир бурчуна Абды Сүйөркуловдун сүрөтүн коюшкан эле, кийин ага башка жактан жай бердирте коюшуп, ошону дагы менчиктештирип алышты. Эң эле көйгөйлүү маселе - азыр бизде фонддун эсебинен жерди ижарага алуу машакат. Анткени Сарпашевдер 80-90 гектар сугат жерлерди ээлеп отурушат. Карапайым адамдар ар бир гектары үчүн экинчи-үчүнчү колдон алып, 15-20 миң сомдон ижара акысын төлөсө, булар гектарына 400 сомдон гана төлөйт. Ошол жерлерди 30 жылдык мөөнөткө ижарага алганы боюнча жасалма токтом чыгып калды. Анткени мурдагы айыл өкмөтүнүн башчысы аны болгону ижарага эки жылга эле берген экен. Биз бул боюнча Токтогулдун прокуроруна кайрылсак, ал аны тергөөчүгө тапшырды. Тергөөчү болсо эч кандай чара көрбөй туруп, бул мыйзам бузуулардын баарына көз жуумп, "билгениңерди кылып алгыла" деди».

Мындан сырткары ал Токтогул суу сактагычынын алдында калган жер аянттары жана келтирилген зыян үчүн мамлекеттен атайын фондко жылына бөлүнүп туруучу 70 миллион сомдун тегерегиндеги каражаттын бөлүштүрүлүшүнө да Сарпашевдер таасир этери тууралуу мындай дейт:

«"Жаңы арык" деген узундугу алты чакырым болгон канал жөн эле казылып коюлган. Ага ушул кезге чейин бир суу чыга элек. Ага баш-аягы 76 миллион сом бөлүнгөн. Суу чыкпаса деле турат. Бирок ага атайын фонд ачылгандан бери эле улам эле бир топ акча бөлүнүп келет. Анын отчетун сурасак бербейт. Анан "Тегерек" деген арык боюнча дагы маселе бар. Ага да суу чыккан эмес. Биздин айылдагы жаңы каналга дагы тендер жарыялабай туруп эле акча бөлүп, казуу иштерин жүргүзө башташты. Бир жарым миллион сом бөлүндү деген ошол обңектини биз текшерип барып калсак, курулуш иштерин аткарган компания аны болгону 740 миң сомго эле жасап жатканын айтты. Ушуга окшогон казылып, токтоп калган, бирок акчасы эбак жок болуп кеткен каналдар, арыктар бар. Мына ушуларды текшере тургандардын баары өздөрүнөн. Райондун прокурору да, аким да ушулардын көзүн карап турат. Кара-Жыгач айылында дагы узундугу 11 чакырым деп, үч чакырымдык каналды жалгандан айтып, анын тасмасын Тайырбек Сарпашев өзү барып кескен. Ага болсо 56 миллион сом бөлүнгөн экен. Мына ушулардын баарынын үстүндө Тайырбек Сарпашев турат».

Албетте, мындай сөздөр жөн жеринен айтылбайт. Күйгөндөн айтылат. Андыктан тиешелүү органдар бул маселеге да көңүл бөлүп, Т. Сарпашев жана анын бир туугандарынын аракеттерине укуктук баа беришет деп ишенип туралы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости