www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-августта Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткен 4 жашар кызды издөөгө 56 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, издөө иштерине ӨКМдин суучулдар кызматынан 10 суучул, Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 куткаруучу, Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу жана Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу, Түп районунун аймагында издөө иштерин жүргүзүүгө Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 6 куткаруучу, көл жээгинде издөө иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу, Каракол шарында жайгашкан "Кой-Сары" аскер базасынан 8 киши , жалпы 56 куткаруучу тартылды.
Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда саат 15:00 чамасында Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.
Издөө иштери тууралуу кошумча ошумча маалымат берилет.
Булак: NazarNews.kg