www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кышкы сууктан да албуут октябрдагы ызгаар ындынды өчүрүп койо жаздады. Кар жаап, сууктун башталышы менен ызгаар күчөп, бүгүн күн шооласы көрүнгөнү менен, ичиркентип үшүк үйлөп турат. Европада газ кымбаттап, элдин отунга күнү түшүп, отунга жетпегендер үшүп,тоңо баштады. Газдын баасы 1 миң кубга 1900 долларга чыкты. «Кыргызгаз» 2013-жылы Газпромдун карамагына 1 долларга сатылып кеткен, жакшысы бизди «Газпром» көзөмөлдөйт. Болбосо «Окшошконго мушташкан» болуп ушундай кымбатчылыкта, өзбектер газ бербей коюшса ыйлап отурмакпыз. Орусия тарап Германия, Венгрия сыяктуу мурун келишим түзгөн мамлекеттерге 200-300 доллардан эле сатып жатат. Европаны көздөй Украинаны айланып эки агым кетет, «Түштүк агым» аркылуу газ алып жаткан Венгрияда газдын баасы арзан. Батыш мамлекеттери менен тирешип жатса да «Түндүк агым» ишке кирген турат. Мурун эле Германия Орусия менен 200 доллардан өйдөрөк келишим түзүп коюшкан. Ал эми Украинанын быйыл газ жагынан иши бүтө тургандай, 1900 доллардан кымбат баада сатып албаса эли мүңкүрөп быйылкы кышта сууктан запкы жейт.
Адистердин эскерткенине караганда: келе жаткан кыш акыркы 100 жылдан берки эң катаал жана узак жыл болушу мүмкүн. Быйылкы суук бир гана Кыргызстанда катаал болбойт, бардык жер жүзүндө оор болот. Прогнозду алдын-ала билишкен соң, европалыктар кышка даярдана баштады. Окумуштуулардын айтуусунда, ушул кыш бүткөн соң климаттык шарттардын эсебин кайрадан эсептей баштайбыз. Суук ноябрда эле түшүп, декабрда абдан күчөп, өтө катуу сууктар башталат. Эч качан кар жаабаган жерлерде да кар жаай баштайт. Европа мындай кышты көптөн бери көргөн эмес.
Белгилүү европалык метеоролог Джеймс Мэдден Европанын жашоочулары үчүн жылуу күндөр менен мемиреп жыргалга батуу аз эле калды деп билдирет. Жакында билинбей туруп суук өз кучагына ала баштайт. Адистин айтуусунда жылуу кийим-кечелерди камдап жана үйлөрдү жылууланууну колго ала башташ керек. Биздин синоптиктер европалык кесиптештерин айткандарына миң мертебе кошулат.
Андан тышкары кыш бир гана өтө суук болбостон, узакка созулуп кетиши күтүлөт. Бул Тынч океанда суунун градусу бир градустан ашык жылып кеткенине байланыштуу. Бул өтө олуттуу өзгөрүүлөр эмес дегендерге кеңеш, чындыгында мындай жылууланып кетүү Европанын үстүнө муздак арктикалык аба массасын айдап келиши мүмкүн. Демек, кыш ноябрда башталып апрелге чейин кармалып турат. Азыркы суук өтө сууктун белгиси эместей көрүнөт. Сиз мындай катуу суукка кандай камылга көрүп жатасыз? Кышка өтө аз убакыт калды.
Күзгү күн менен түндүн теңелишинен соң түн узара башталат. Байыркы кыргыздар каткан тамак-ашын кышкы суукка сакташкан. Анткени, эң коркунуч туудура турган убак ушул суук болуп келген. Анткени мал камы жок, чөп-чар камдаган байыркы кыргызда кышында суук узакка созулуп кетсе, койлор жүнүн жешип, жут башталган. Жут күч болсо малдын бары кырылып калган. Азыр болсо колдо чөп-чар бар, жут деген жок.
Күзгү суук убактылуу. Дүйнөдө жердин бетин жылуу климат каптап, бир-эки мүнөттөн бери жылып келатат. «Кыямат кайым» же «Акыр заман» келерде климат тезинен өзгөрүп турат. Климаттын өзгөрүшү акыркы жылдардагы көптөгөн жаңжалдардын жана Европаны каптаган массалык миграциянын дагы себептеринин бири. Эгер мухиттерге жакын жайланышкан миллиардаган Индия менен Кытайды жана башка мамлекеттерди суу каптай баштаса каякка качышат? Мындай окуя болбой эле койсун, бирок океан жээктеринен сүрүлгөндөр чек араны карап отурмак беле, миллиарддаган адамдарга жер которуу керек болуп калат. Бул калк ичкери карай жыла башташат.
Мурда мындай пикирлер айрым солчул саясатчылар тарабынан айтылып, либералдык ММКларда жазылып келген эле.
Климаттык өзгөрүүлөр адамдарга таасир этишеби? Мунун формалдуу илимий тыянактары табылды. Прикладдык системалуу анализ боюнча эл аралык институттун окумуштуулары атайын изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Ага ылайык, жаңжалдардын, массалык миграциянын өсүп жатканы менен климаттык өзгөрүүлөр ортосунда байланыш бар. Жарыяланган изилдөөгө таянсак, климаттык өзгөрүүлөр - 2010-2012-жылдардагы Тунистеги, Ливандагы, Йемендеги жана башка өлкөлөрдөгү элдик толкундоолордун, "араб жазынын" себептеринин бири болгон.
Андан тышкары окумуштуулар Сириядагы кырдаалды мисал катары келтиришкен. Бул өлкөдө башталган көңтөрүш жарандык согушка өсүп жетип, азырга чейин оту өчпөй жатат. Жүз миңдеген кишилер мерт болуп, шаарлар талкаланды. Бул окуялардын алдында аймакта күн катуу ысыган. Кургачылык болуп, суу тартышытыгы жаралган. Бир нече жыл жакшы түшүм болбой, айыл калкы массалык түрдө шаарга агылган.
Аргасыз урбанизациянын арты чоң кыйынчылыктарды жаратты. Айталы, шаарда турак-жай жетишпей, жумушсуздук күчөдү. Ага улай эле баалар кымбаттап, калк арасындагы нааразылыктар күчөдү. Арты келип саясий каршылашуудан бүт өлкө согуштун кучагында калып, миллиондогон кишилерге качкынга айланды.
2020-жылдын ноябрына карата БУУнун соңку маалыматына таянсак, 5,6 млн сириялык өлкөдөн качып чыккан. Болжолу 6 млн чамалуусу өлкө ичинде жер которууга аргасыз болду.
Бирок окумуштуулар климаттык өзгөрүүлөр менен массалык миграциянын ортосундагы байланышты кыйыр түрдө деп белгилеп жатышат. Изилдөөдө ушуга окшогон эле кырдаал дал ошол маалда африкалык өлкөлөрдө дагы өнүккөнү көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө коомчулуктун климаттык өзгөрүүлөр менен миграция ортосундагы эч кандай байланышты көрбөгөнү кабатыр кылат дейт окумуштуулар. Анткен менен экөөнүн ортосундагы байланыш ачык эле көрүнүп турат. Бул байланышты аныктоо үчүн изилдөөчүлөр комплекстүү ыкманы колдонушкан. Алды менен 2016-2020-жылдар аралыгындагы дүйнөдөгү 157 өлкөдөн башпаанек сурап кайрылгандарды иликтеп чыгышкан. Андан кийин качкындар көп келген өлкөлөрдөгү климаттык абал изилденген. Андан кийин хронологиялык динамикалык моделин түзүшкөн.
Глобалдык климаттык өзгөрүүлөр менен массалык миграциянын ортосундагы байланышты кыйыр түрдө деп белгилеп жатышат. Климаттык өзгөрүүлөр сөзсүз эле жаңжалга же миграциянын күчөшүнө алып келбейт. Бирок начар мамлекеттик башкаруунун жана демократиянын ортозар деңгээлинин шартында климаттык өзгөрүүлөр дагы чектелүү ресурстар үчүн болгон күрөштү, жаңжалдарды жаратышы мүмкүн.
Прикладдык системалуу анализ боюнча эл аралык институт Австрияда жайгашкан. Дүйнө жүзүндөгү алдыңкы окумуштуулардын башын бириктирген, таасирдүү илмий изилдөө борбору саналат.
Институт 1970-жылдары АКШ жана СССР тарабынан негизделип, экология, экономика, социалдык чөйрөдөгү көйгөлөрдү биргелешип изилдөө максаты болгон. Андан бери көптөгөн өлкөлөр кошулду, анын ичинде Улуу Британия, Германия, Израил, Кытай жана Украина бар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg