www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов Улуттук банктын жаңы жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев парламентке келбей жатканына нааразы болду.

Ал мурдагы төрага Толкунбек Абдыгуловду ар бир комитетке, жалпы жыйынга өзү катышып, жакшы түшүндүрмө берип позициясын коргоп келгенин белгиледи.

«Улуттук банктын жаңы төрагасынын парламентке, мыйзамга болгон мамилеси башталып жатат. Шайланганына 10 күн өтпөй, кыргыздар айткандай, эшеги суудан өткөндөн кийин сиздер менен эсептешип да койгон жок», — деди Турдумамбетов.

Парламентте «Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. Анын бир беренесинде Мамлекеттик мүлктү Улуттук банка сатуу камтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости