www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги Орусиядан бир миллион гектар жерди ижарага алып, соя жана буудай өстүрүүнү көздөп жатат. Тараптар азырынча 35 миң гектарды тесттен өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу Өзбекстандын айыл чарба министри Жамшид Хожаев менен Орусиянын айыл чарба министрилигинин өкүлдөрү менен өткөн онлайн жыйында маалым болду.

Белгилүү болгондой, ал жерден алынган түшүм Өзбекстанга экспорттолот. Анткен менен ысымын атагысы келбеген айрым өзбекстандык адистер бул иштин ийгиликтүү болушунан күмөн санайт. "Өзбекстандык мигранттарга алыстагы, буга чейин айдалбаган талааларды берип коюшу мүмкүн", - дейт алардын бири.

Ал арада коронавирус пандемиясына байланыштуу мигранттардын көбү Орусиядан чыгып кеткендиктен, эмгек күчүндө таңкыстык жаралган. Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бир эле Астрахань облусунда 11 миңдей жумушчу жетишпейт. Күнүмдүк төлөнчү акча 1200 рублдан 1500-2000 рублга чейин көтөрүлсө дагы, жергиликтүүлөр талаага чыгууну каалабайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости