www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-октябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Мирзиёев өз сөзүндө "Путиндин азыркы Орусиянын калыптануусундагы тарыхый ролун жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине кошкон салымын" баса белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө келечекте өлкөлөр ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери жөнүндө да сөз болду.

Мындан тышкары президенттер Шавкат Мирзиёевдин ноябрь айында Москвага боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселесин талкуулашты. Өзбек президентинин Орусияга мамлекеттик сапары мурда 2020-жылдын февралына белгиленген. Көп өтпөй ал июнга жылдырылганы кабарланып, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ишке ашпай калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости