www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арча-Бешик конушуна суу бериле баштаганы айтылды. Ал эми калган конуштар менен участоктордун суу маселелери да каралып, көйгөйдү чечүүнүн жолдору тууралуу «Бишкексууканал» башкармалыгы өзүнүн компетенциясынын чегинде кырдаалды турукташтыруу аракетин көрүп жатканын кабарлады.
Натыйжада Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча:
— "Баш-Карасуу", "Сельский", "Контррезервуар" суу алгычтары кеңейтүү, жаңы 3-4 скважинаны бургулоо үчүн Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагынан Аламүдүн дарыясынын жайылмасынан жер тилкесин бөлүп берүү;
— Жашыл аянттарды сугаруу, күндүзгү таза сууну сарамжалсыз пайдалануу боюнча рейддерди жүргүзүү;
— Түштүк-Батыш суу алуучу жайынан Адышев көчөсүнө чейин 1 чакырым узундуктагы суу түтүгүн салуу, Көк-Жар суу алгычында 2-баскычтагы насостук станциясын куруу, - сыяктуу бир катар пландарын билдирди.
Мындай аракет Арча-Бешик конушуна, Жал кичи районуна жана Садырбаев көчөсүнүн боюндагы аймакка сууну үзгүлтүксүз жеткирүүнү, Скрябин, Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн, Көк-Жар, Улан -2 кичирайондор менен чектешкен аймактарды ичүүчү таза суунун көлөмүн көбөйтүүнү камсыздайт.
Арийне, суу көйгөйү бүгүн эле чыга калган жок. Бир нече жылдан бери эле көтөрүлүп, айтылып келе жаткан маселе болчу. Бирок, шаар бийлиги анчейин маани берген эмес. Кайдыгерликтин кесепети бүгүнкү абалга алып келди. Анан тоок туурунда какылыктайт болуп, жедеп көйгөйлөр чечилбей үйүлө берип, суу таңсыктыгы өөрчүп кетти. Учурдагы жагдай мэрдин жана анын командасынын шалаакы жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөттү.
Негизинен алганда чиеленишкен көйгөй көп. Биринчиден, геодезиялык картанын жоктугу. Натыйжада, жол салууда, коммуникацияларды оңдоп-түзөөдө сууну түтүктөрүн жаңылоо аракети көрүлгөн эмес.
Анткени, соңку жылдары көп кабаттуу ар кандай имараттар көп салынды. Сууну көп өлчөмдө кубаттуулугу чоң суу соргучтар менен сордуруп иштетип жатышат.
Андыктан, мэрия бул багытта бир топ иштерди жасаш керек эле. Көп кабаттуу үйлөргө ичүүчү таза сууга туташтырууда тарифтерди квартиралардын квадратына жараша көтөрүү керек болчу.
Автомойкалардын ар бирине саркынды сууларды кайра иштетүүчү мембраналык системаны койдуруп, корогон сууларды чыпкалап кайра техникалык суу катары пайдалануу талабын киргизиш зарыл эле.
Анан маселени чечүүнүн ордуна "элдин саны көбөйүп кетти ошого суу жетпей жатат, өзүңөр эмне анан баня куруп аласыңар, бак, огород сугарасыңар, кар, мөңгү эрибей, суу келбей жатса өлөлүбү", - деген өңдүү шылтоолор суу кечпейт.
Ошол көбөйгөн элдин көп сандаган салыгын алганда жакшы анан алардын жашоо шартын жакшыртууга келгенде эл жаман, эл күнөөлүү болуп калабы? Мамлекеттин биринчи байлыгы — эл. Эл көбөйгөн сайын мамлекет ошого жараша иш жүргүзүп, шарт түзүүсү керек.
Азыр 21-кылым. Технология өнүктү. Иштейм, элге шарт түзөм деген жетекчи үчүн мүмкүнчүлүк толтура. Мөңгүнүн эришин акыйып күтүп, суу келбей жатат деп алакан жайып отура бербестен, жер астынан артезиян суу чыгарып, резервуарга кошуш керек болчу.
Огородуңарды, багыңарды эмне сугарып жатасыңар, мончо салбагыла деп элди кекетип, наалыбай, ирригацияны жолго коюп, ар бир көчөгө сугатка суу келгидей шарт түзүш милдет эле. Бишкек деген сугатка абдан ыңгайлуу жер. Суу жогору жактан түшөт. Насостун да кереги жок.
Булардын баарын жакшынакай жазып, пландап, схемасын чийип өкмөттү, парламентти ынандырып, "минтпесек 1 000 000 калк жашаган борбордо суу коллапсы болот" деп коңгуроо кагып, иш алып баруу керек. Суудан тушкон акчаны сууну жакшыртууга жумшаш керек. Жетпесе, республикалык казынадан каражат бөлдүрүү зарыл. Тариф төмөн деген болбогон нерсе. Анткени мына "тазалыктын акчасы аябай аз, эч нерсе кыла албай жатабыз" деп таштанды тарифин көтөргөндөн шаар таза болуп кеткен жок. Маселе адамдын, жетекчинин өзүндө. Мектеп, бала бакча куруу көчөлөрдү брусчаткалоо деген мэриянын ансыз да жасай турган чарбалык иштери. Ал эми мыкты жетекчи келечекке карап иш кылат.
Мына таза суу маселесине байланыштуу коомдук ишмер, экс-депутат Карганбек Самаков:
— Кыргызстандан жылына 55- млрд. метр/куб таза суу сыртка агып чыгат. Анын 7% кана элибиз колдонот. Андан сырткары жер астындагы таза суунун көлөмү 19 млрд. метр/кубту түзөт.
Бишкекти таза суу менен камсыз кылуу жаатында 2014-15 жылдары Швейцария мамлекети ЕБРР менен бирдикте 5,5 млн. эвро кредит жана 4,9 млн. евро грант берген эле.
Ал акчага: 16 суу скважина казылып, евростандарттагы 107 заманбап насостор келген эле. Ошондон улай дагы Швейцария өкмөтү менен ЕБРР биргеликте 206-жылы 8 млн. евро кредит, 8 млн. евро грант беришкен Бишкек шаарын таза суу менен толук камсыздоо максатында...
Резиденциянын үстүндөгү Орто-Алыш суу резервдеги дагы 35 скважина казылып, оңдолмок. Бул каражат Бишкек тургундарын кыжаалат кылбай, толук суу менен камсыздамак. Бүкүлү жеп кетишкен окшойт..?, - деп билдирди.
Демек, таза сууга бөлүнгөн миллиарддаган каражаттар так дарегине жетпей, кумга сиңген суудай жок болуп, желип кетип турган. Тиешелүү укук коргоо органдары кимдин учурунда канча акча сууга бөлүнүп, канчалык деңгээлде максаттуу жумшалганын иликтеп, ичип-жеген коррупционерлердин жоопкерчиликке тартышы абзел...
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg