www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин пикиринде: «Эгерде Украина жеңилип кала турган болсо аны альянска мүчөлүккө алууну талкуулоонун эч кандай мааниси жок».
Брюсселде өткөн Форумдун жүрүшүндө «Бүгүнкү эң маанилүү маселе Путин жеңилип, Украина көз карандысыз мамлекет катары сакталып калуусу маанилүү. Эгерде окуя тескерисинче кетип, Украина Европадагы көз карандысыз демократиялуу мамлекет катары сакталып кала албаса анда анын мүчөлүк маселеси талкуулоого да жатпайт», - деди Столтенберг.
Мындай кырдаалда «НАТО киевдик бийликти колдоодо бирдиктүү позицияда экендигин көрсөтүшү керек», - деген сөзү менен баш катчы оюн жыйынтыктады.
Өткөн жылы сентябрь айында Украина «НАТОго мүчөлүккө өтүүнү тездетилген тартипте ишке ашыруу» сунушун берген. АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джейк Салливандын пикиринде «мындай процедураларды жүргүзүү убактысы эмес».
Украинанын Тышкы Иштер министри Дмитрий Кулеба: «11-12-июль күндөрү Вильнюстагы саммитте Киевдин мүчөлүккө өтүүдөн башка сунушу жок», - деди.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Москва кырдаалга тыкыр көз салып тургандыгын, Украинадагы согуш коңшу өлкөнүн альянска мүчөлүккө өтүү сунушунан улам чыккандыгын», - белгиледи.
Нур АМАН
Булак: NazarNews.kg