www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы мөңгүлөрдүн бирине шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын атын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.
Талкуунун журүшүндө депутат Адахан Мадумаров каршылыгын билдирип, чокуларга өлкөнүн улуу инсандарынын, баатыр ата-бабалардын ысымдары менен аташ керектигин белгиледи.
Бул пикирди депутаттар Марат Мураталиев, Мирлан Самыйкожо колдошту.
Депутат Русланбек Жакышов мындай чечимдер коомдук пикирди эске алуу менен кабыл алынышы керектигин кошумчалады.
Ал эми депутаттар Балбак Түлөбаев, Коргонбай Жусупбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Аманкан Кенжебаева мөңгүгө аталышты ыйгаруу дос мамлекеттин лидерине, негиздөөчүсүнө болгон сый-урматтын белгиси, эки элдин достугунун символу экенин белгилешти. Эл өкүлдөрү бул дүйнө жүзүндө кеңири тараган тажрыйба экенин айтып, мисал катары залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы дүйнө жүзү боюнча көптөгөн объектилерге ыйгарылганын эске салышты.
Талкуунун соңунда мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды.
Белгилей кетсек, Буга чейин президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын президенти, шейх Мухаммед бин Аль Нахайян менен жолугушуусу учурунда Ысык-Көлдөгү мөңгүгө БАЭнин негиздөөчүсүнүн ысымы ыйгарылганын билдирген.
Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев билдиргендей, шейх Заед бин Султан — Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү жана биринчи президенти. 30 жылдык башкаруусунда биринчилерден болуп Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган. 2022-жылдын декабрь айында эки өлкө ортосунда миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлган.
Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин болуп көрбөгөндөй өнүккөн мамлекетин түзүүдө маанилүү роль ойногон.
Булак: NazarNews.kg