www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жети атабыз көрбөгөн арабдын атынан мөңгүбүз болобу? Анча болду ал мөңгүдөн чыккан сууга аялынын атын берип койгула. Мындай пикирин депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Ысык-Көлдөгү аты жок мөңгүгө Бириккен Араб Эмираттарынын мурунку президенти шейх Заид ибн Султан Аль Нахайяндын атын ыйгарууга каршылыгын билдирди.
"Бизде кайсы баатырдын атынан чокунун аты аталган? Кыргыздын канча залкар акын, жазуучулары бар. Жусуп Баласагын атындагы чоку барбы бизде? Барпы же Тоголок Молдо атындагы чоку барбы? Жок. Өзүңөр деле уялбайсыңарбы. Жогоруда айткан улуу инсандарыбыздын аттары жарашпайбы? Жасакерленгендин чеги болот. Өлкөдөгү бүтүндөй башка тилдеги айыл-кыштактардын аталыштарын алмаштырабыз деп жатабыз. Эми болсо жети атабыз көрбөгөн адамдын атынан мөңгүбүз болобу? Анча болду ал мөңгүдөн чыккан сууга аялынын атын берип койгула. Ушул маселени Жогорку Кеңешке көтөрүп келгенден уялбайсыңарбы. Кошуна өлкөлөрдө мындай көрүнүш жок. Анткени алар акыл менен иш кылат.
Урматтуу кесиптештер, бул улуттун, мамлекеттин, намыстын маселеси. Менин жүрөгүм сыздап, ыйлап отурат", - деди Мадумаров.
Белгилей кетсек, парламентте Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунудагы №354 аты жок мөңгүгө шейх Заид ибн Султан Аль Нахайян геогарфиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.
Айсулуу Талантбек
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg