www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суусамыр жайлоолорунда көп жылдан бери талаш жаратып келген карагана өсүмдүгүн пайдалуу багытта колдонуу боюнча жаңы ыкма сунушталды.

Малчылар карагана жайыт аянтын кыскартат деп тынчсызданып келишсе, экологдор аны топуракты эрозиядан сактап, нымдуулукту кармап, жерди азот менен байытуучу пайдалуу өсүмдүк катары баалашкан.

Кытай окумуштуулары бул өсүмдүк Кытайдын Ички Монголия аймагында да өсөрүн жана андан малга тоют даярдаларын билдиришкен. Алардын тажрыйбасына таянып, Кыргызстанда караганадан тоют гранулдарын чыгаруу боюнча илимий долбоор башталды.

Суусамырда карагананын сабактарын кургатып, майдалап, башка кошумча азыктар менен аралаштырып тоют даярдоочу чакан линия ишке киргизилди. Окумуштуулар жаңы тоюттун мал үчүн пайдалуулугун жана жайыттарга тийгизген таасирин изилдөөнү улантууда.

Долбоордун негизги максаты — карагананы жок кылбастан, аны пайдаланып, Суусамыр жайлоолорунда экологиялык тең салмакты сактоо.

Последние новости