www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын учкучсуз учактарынын чабуулунан кийин Санкт-Петербург жана Ленинград облусундагы Wildberries компаниясынын кампаларында өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Орусиянын бийлигинин маалыматына ылайык, өрт Ленинград облусунун Всеволожск районундагы Новосаратовка айылындагы кампада чыккан. Облустун губернатору Александр Дрозденконун айтымында, окуядан үч адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ал эми Wildberries компаниясынын басма сөз кызматы Санкт-Петербург жана Ленинград облусундагы кызматкерлер арасында жабыркагандар жок экенин билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, кызматкерлер алдын ала эвакуацияланып, коопсуз жайга чыгарылган.

Маалыматтарга ылайык, Шушары жана «Уткина Заводь» өнөр жай аймагындагы Wildberries логистикалык объектилеринде да өрт чыккан. Компания кампалардын иши убактылуу токтотулганын билдирди.

Санкт-Петербургдун губернатору Александр Бегловдун айтымында, дрондордун чабуулуна Московское шосседеги жарандык инфраструктура объектилери кабылган. Ал жерде Wildberries компаниясынын логистикалык комплекси жайгашкан.

Мындан тышкары, маалымат каражаттарынын жазышынча, Синявино кыштагындагы «Северная» канаттуулар фабрикасынын кампасынын бир бөлүгү дрон тийгенден кийин урап түшкөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ленинград облусунун үстүнөн 50 дрон атып түшүрүлгөн.

Последние новости