www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Суусамыр өрөөнүндө мазут төгүлгөн жол кырсыгы боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы кошумча текшерүү жүргүздү.
Маалыматка ылайык, Бишкек–Ош унаа жолунун 205-чакырымындагы тилкеде жүргүзүлгөн тактоо жана эсептөө иштеринин жыйынтыгында жер кыртышына келтирилген экологиялык зыян эсептелип, мурда коюлган талапка кошумча 10 080 сом өлчөмүндө доо коюлду.
Ошондой эле адистер тарабынан жол кырсыгынан улам төгүлгөн мазуттун калдыктары өз убагында толугу менен тазаланып, зыянсыздандырылганы белгиленди.
Эске салсак, буга чейин Суусамыр өрөөнүндө мазут ташып бара жаткан жүк ташуучу унаа жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткен. Натыйжада болжол менен 4–5 тонна мазут жерге төгүлгөнү тууралуу маалымат тараган.
Бул факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 237-беренесине ылайык, күнөөлүү жеке жакка 20 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган.