www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Министрлер кабинети айыл чарба өндүрүүчүлөрүн жеңилдетилген дизелдик отун менен камсыз кылууну улантууда. Каралган 7 миллион литрдин ичинен дыйкандарга 2,7 миллиону берилди.

Күйүүчү майдын эң көп бөлүгүн Нарын облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрү алышты — 746,6 миң литр. Ысык-Көл облусуна 596,8 миң литр, Ош облусуна — 572,2 миң литр берилди. Жалал-Абад облусуна 359,5 миң литр, Чүй облусуна — 236,3 миң, Баткен облусуна — 189,3 миң литр жөнөтүлдү. Талас облусунун айыл чарба өндүрүүчүлөрү 43,7 миң литр алышты.

Дизелдик отундун бир литринин баасы 81 сомдон бекитилген.

23-июлга карата маалыматка ылайык, фермерлерди мындан ары колдоого багытталган 4,3 миллион литр дизелдик отун Министрлер кабинетинин резервинде сакталууда.

Последние новости