www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июлдан 1-августка чейин мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки автоунаа жолунун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Чектөө Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевдин, Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин мамлекеттик сапарлары, ошондой эле «Борбор Азия-Азербайжан» саммитинин өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилүүдө.

Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана расмий делегациялардын тоскоолдуксуз өтүүсүн уюштуруу максатында жолдун айрым тилкелеринде транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу чектелет.

Последние новости