www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суусундуктарды кандай шартта сактоо керек?

Испаниядагы азык-түлүк коопсуздугу боюнча коомчулуктун мүчөсү Роза Мария Урдиалес кайсы суусундуктарды сөзсүз түрдө муздаткычта сактоо керектигин айтты. Бул тууралуу lavanguardia.com басылмасы жазып чыкты.

Адистин айтымында, сүт азыктарынан сырткары соя, миндаль жана күрүчтөн жасалган протеиндик суусундуктар ар дайым муздаткычта сакталышы керек. Себеби алардын курамында белок көп болгондуктан бактериялардын көбөйүшүн шарттайт.

Ошондой эле  оозу ачылып калган соктор дагы ар дайым муздаткычта сакталып, беш күндөн ашык турбашы керек. Ал эми жаңы сыгылган соктор эки күн гана чыдайт.

Вино же сыра ачылган бөтөлкөлөрүн бөлмө температурасында сактаган оң. Себеби курамындагы алкоголь микроорганизмдерден коргоп турат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости