www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиялык монах Прахлад Джани 90 жашында каза болду. Ал суусуз жана тамаксыз жашай алды. Бул тууралуу Fox News билдирди.

Джанинин сөөгүн Амбажиде курган ашрамга алып келишип денесин мумияланган.

Монах 2000-жылдардын башында коомчулуктун көңүлүн бурган. 2003-жылы индиялык илимпоздор тобу аны эки жума бою ээрчишкен. Алардын айтымында, Джани эксперимент учурунда суу да, тамак да жеген эмес. Бул эксперимент кийинчерээк 2010-жылы ушундай натыйжалар менен кайталанган.

“Анын ошол учурда кантип аман калгандыгын биз деле билбейбиз. Бул кандайча болгону дагы эле табышмак. Бирок, бул изилдөөнүн жыйынтыктары эчнерсе таппадык”, - деген невролог Судхир Шах 2010-жылдагы эксперименттен кийин.

Эксперттер Прахлад Джаниге изилдөө учурунда сууга жуунуп, оозун сууга чайкаганга уруксат бергенин айтышат. 

Нуруллох Шарипов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости