www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктын» «Эки бир» программасында маек куруп, 6-октябрдагы саясий окуяларда криминал бийликти колго алууга аракет кылганы жөнүндө маалыматы болгонун билдирди.

“Мен айтып жаттым. Аянтта кылмыштуу топтун мүчөлөрү жүрөт деп. Уюшкан кылмыштуу топтун “Дөө Чыңгыз” деген лидери таасирин көрсөткүсү келип жатканын айттым. Бирок, мен координацияда турганда Камчы Көлбаев киришпей калды. Анткени биз алардын жолун буудук. Бирок, алардын атынан башка топтор иштейбиз деп аракет кылды. Алар бийликке умтулду”, - деди Суваналиев.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Суваналиев парламенттик шайлоого байланышкан башаламандыктан кийин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч кызматтарын координациялоону колуна алган.

Эске салсак, 10-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости