www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы кырдаалга байланыштуу мектеп окуучулары аралыктан окуп жаткандыктан Сузак РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан онлайн окууларга үн жазуулар жөнөтүлүүдө.
Анын мазмунунда окуучуларды кылмыштуулуктан алыс болууга үндөгөн жана санитардык талаптарды так сактоо зарылдыгы камтылган. Атайын милиция тарабынан даярдалган эскертүү иретиндеги үн жазуулар ата-энелердин жана мектеп окуучуларынын социалдык тармактардагы тайпаларына жүктөлүп жатат.
Мындан сырткары район аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу багытындагы ыкчам штабдын өкүлдөрү менен биргеликте рейддер уюштурулууда. Рейддин алкагында коомдук тамактануучу жайлар, базарлар, соода борборлору текшерилип, тиешелүү талаптарды аткарбагандарга эскертүүлөр берилип, кетирилген кемчиликтерди жоюу зарылдыгы айтылууда. Район аймагындагы бардык кафе-ресторандарда той- мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынгандыгы жөнүндө маалыматтар жергиликтүү калкка милициянын көчмө кабылдамасына орнотулган атайын үн чыгаруучу каражаттар аркылуу жеткирилүүдө.
Милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга чейин барып, жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын кабыл алууда.
Ошондой эле жугуштуу оорунун алдын алуу багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg