www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталып, мурдагы айыл өкмөт башчысы К.М.Ы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун пайдалануу менен жеке турак жай куруу үчүн 6 гектардан ашык жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп, жер тилкелерине жеке менчик укугу боюнча мамлекеттик актыларды жасап беришкен.
"Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз берүүгө негиз болгон документалдык маалыматтарды аныктоо жана табуу, ошондой эле кошумча документалдык далилдерди чогултуу максатында мурдагы айыл өкмөт башчысы К.М.Ы.нын үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анын жүрүшүндө кылмыш ишине тиешеси бар көп сандагы токтомдор, корутундулар, топографиялык жана башка жасалма документтер табылып алынды, ошондой эле аталган даректе ок атуучу куралдар, травматикалык куралдар жана ок-дарылар мыйзамсыз сакталганы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg